Мазмунга өтүү

Алексеев Василий Иванович

Википедия — ачык энциклопедия

Алексеев Василий Иванович (7.1.1942-ж.туулган, Рязань облусу, Покрово-Шишкин кыштагы) - орус спортчусу (оор атлетика), СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1970) жана эмгек сиңирген машыктыргычы (1991). 2-оор салмактагы Олимпия оюндарынын (1972, 1976), дүйнөнүн (1970-71, 197375, 1977-78) жана СССРдин чемпиону. Дүйнөнүн 80 рекордун койгон. 1970-ж. СССРдин жана Европалык, дүйнөлүк мелдештерди утуп, зор жетишкендикке жеткен. Спорттук ишмердигин аяктагандан кийин СССРдин курамында улук машыктыргыч болуп иштеген (1982-88). 1999-ж. Россиянын спортту өнүктүрүү фондунун президенти болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]