Алеут аралдары

Википедия дан
Алеут аралдары жана Аляска.

Алеут аралдары - Тынч океандын түндүгүндөгү 110 аралдан жана көптөгөн аскалардан турган архипелаг (АКШ, Аляска штаты). Дого сымал ийилип 1740 кмге созулуп жатат. Аянты 37,8 миң км2. Түлкүлүү, Андреяновский, Келемиштүү жана Жакынкы аттуу 4 арал тобунан турат. Аралдарынын көбү жанартоо конусунан туруп, карга чүмкөлгөн. 25тей аракеттеги жанар тоо бар. Эң бийиги Шишалдина жанар тоосу (2860 м) Унимак аралында. Субарктика шалбаасы, тоолуу тундра өсүмдүктөрү өсөт. Балык, суу жолборс, түлөн уулоочу жай. Куну чарбасы бар. АКШнын Датч-Харбор аскердеңиз базасы (Уналашка а.). Аскалары - канаттуулар базары. Алеут аралдары алгачкы жолу 18-кылымда орус деңиз саякатчылары тарабынан изилденген. 1867-ж. чейин Россияга таандык болгон (Аляска менен кошо АКШга сатылып кеткен).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]