Рыскелди Алиев

Википедия дан
Алиев, Рыскелди‎»‎ барагынан багытталды)

Алиев Рыскелди (1912, Нарын району, Оттук айылы — 1991, Бишкек ш.) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1947—55).
1934-ж. Ленинград финансы-экономика институтун бүткөндөн кийин Кыргыз ССР финансы эл комиссариатында инспектор, Тянь-Шань облустук финансы бөлүмүндө жетекчи кызматтарда, 1941— 44-ж. Тянь-Шань, Фрунзе облаткомдорунун төрагасынын орун басары, 1944— 52-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик контроль министри, 1952-жылдан Мамлекеттик эмгек сактык кассасы жана Мамлекеттик кредит башкармасында начальниктин орун басары, 1957-жылдан СССР коммуналдык банкынын Республикалык конторасынын башкаруучусу болуп иштеген.
1-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 2 "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. СССР курулуш банкынын отличниги.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.