Мар Алиев

Википедия дан
Алиев, Мар Кулубекович‎»‎ барагынан багытталды)

Алиев, Мар Кулубекович - акын, жазуучу, журналист, врач. Кочкор районундагы Теңдик колхозунда 1932-жылы 14-июлда туулган.

1950-жылдан Кочкор райондук эл сотунда, райондук китепканада иштеген. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүрүп,
врач-эпидемиолог катары Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук санэпидстанциясына жөнөтүлгөн.
1960-жылы врач-бактериолог болуп Кочкор райондук ооруканасына которулган.
Ошол эле жылы ал «Ден-соолук» медициналык журналына жооптуу катчы болгон, 1970-жылы «Ден-соолук» журналынын башкы редактору болуп дайындалган.

1952-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине М.Алиевдин алгачкы ыры жарыяланган. «Айнектеги жазуу» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы 1963-жылы басылып
, «Дени сактын көңүлү куунак» ж.б. илимий популярдуу китепчелери, кеңештери өзүнчө китеп болуп чыккан.

М.Алиев Н.Амосовдун, «Жүрөк жана ойлор», Федор Угловдун «Далайдын ичиндеги бир дабагер»,
С.Ахундовдун, корея жазуучусу Ким Ден Шенин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

«Жез таңдай», «Курманбектин уулу Сейитбек», «Көсөл чечен Көкөтөй», «Бала баатыр», «Хан Манас менен Каныкей»,
«Акыл Карачач» пьесаларынын автору.

1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

«СССР Саламаттык сактоосунун отличниги», Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоосунун эмгек сиңирген кызматкери (1982), СССРдин басмасынын отличниги.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Кыргыз ССР ЛКЖС БКнын, Кыргыз ССРинин Саламаттык сактоо министрлигинин грамоталары менен сыйланган.
1995-жылдан персоналдык пенсионер.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айнектеги жазуу: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. - 80 б.

Өлүм жеңилди: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1965. - 76 б.

Менин атым - коммунист: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Мектеп, 1967. - 60 б.

Турмуш жолу: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1967. - 50 б.

Ак куюн: Ырлар, сатиралар, поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1970. - 59 б.

Күлкү болгон түлкү: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1974. - 14 б.

Кыял чабыты: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Мектеп, 1977. - 107 б.

Ишеним: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1982. - 120 б.

Айыл аталарды күтөт: Аңгемелер, мыскыл жана тамсилдер. - Ф.: Мектеп, 1986. - 140 б.

Тамгалардан түзүлгөн табышмак: Ырлар кенже балдар үчүн. - Б.: Адабият, 1990. - 20 б.

Балгарт баатыр баяны: Ырлар болмуштар, поэма: Өспүрүмдөр үчүн. - Б.: Адабият, 1991. - 128 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Амосов И. Жүрөк жана ойлор: Повесть. - Ф.: Кыргызстан, 1978. - 352 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]