Мидин Алиев

Википедия дан
Алиев, Мидин‎»‎ барагынан багытталды)

Алиев Мидин (4.10.1928, Кочкор району, Кочкор айылы — 13.3.1997, Бишкек) — патофизиолог, медицина илимдеринин доктору (1965), профессор (1967), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1995).
1951-ж. КММИни бүткөн.
1951—54-ж. Москвадагы 1-медициналык физиология кафедрасында аспирант, 1954—71-ж. Кыргызстан ИАга караштуу Крайлык медицина (бийик тоо физиологиясы жана эксперименттик патология) институтунун директору.
1968—86-ж. ошол эле институтта лаборатория башчысы. 1986-жылдан башкы илимий кызматкер.
1991-жылдан лаборатория башчысы. Гипертониянын бийик тоо климатынын шартында пайда болушу жана аны дарылоо боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Too климатынын шартында дарылоо боюнча 190дон ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Роман Оморов президенттик жарыштан өз талапкерилигин алып салды(жеткиликсиз шилтеме)