Мударис Алиев

Википедия дан
Алиев Мударис‎»‎ барагынан багытталды)

Алиев Мударис (1923, Талас району - 1979, Талас шаары) - милициянын полковниги, ардагер жетекчи кызматкер.

Фрунзе шаарындагы партиялык мектепти (1953-56), Алматыдагы милициянын жогорку мектебин сырттан окуп бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941-44), анын 2-топтогу майыбы. Согуштан кийин Талас облусунун Будённый кыштагында мугалим, комсомолдук кызматта (1945-51), Талас облустук ички иштер башкармалыгында (1952; ОБХССте), Фрунзе шаардык ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кызматтарында эмгектенген.

Кийинчерээк 1959-68-жылдары Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн начальниги болгон. 1969-жылдан Сокулук районундагы Жаңы-Жер кыштагындагы жалпы тартиптеги колонияга начальник болуп 1973-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9