Алиев Орозбек

Википедия дан

Алиев Орозбек (1954-1990) Өрүмчү. Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Колхоздо чабандын жардамчысы, совхоздо жумушчу, «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде териден буюм, белек жасоо өнөрканасында эмгектенген. АКШнын президенти Р. Рейган СССРге келгенде белекке берилген ат жабдыктарынын бөлүктөрүн өргөн. Ага Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министрлиги «II сынактагы чебер-сүрөтчү» деген наам ыйгарган. Өрүмчүлүктү Ак-Жарлык Кулболду карыядан үйрөнгөн. Камчы өрүмдүн негизги жердиги көк. Ал үчүн өрүмчү жаңы союлган кулундун жана музоонун терисин боорунан тилет. Ал өөк деп аталат. Көккө керектей турган терини жылуулай сууга салат же шар аккан сууга байлайт. Бир жумага жетпей тери жыдыйт. Түз жерге керсе тери калдайып тегиз кургайт. Көктү тилүүнүн эки ыкмасы бар. Адегенде жөнөкөй эле бычак менен тал-тал тилип алып, анан мүйүз же табылгы, кайың сындырыкка салып өткөрөт. Ошондуктан өрүм кооз көрүнөт. Камчы өрүмдүн негизги аспабы жаа. Ал жарым айлана түспөлүндө болот. Бул үчүн чебер тоо текенин мүйүзүн сууга кайнатып, жаа түспөлүндө иет. Орозбек өрүмдүн өзөгү үчүн мурун пайдаланылган кайышты алган. Анда өрүм өрүлүп бүткөндөн кийин да, камчылануу учурунда да өзөк чоюлуп кетпейт, өрүм аралары ачылбайт. Орозбек «жылан боор» өрүмүн 8-12-24-32 тал көк менен өргөн. Анда ар бир көк бирден алынып басылат да, бир тал алдынан, бирөө үстүнөн түшөт. Аркак катары бир тал көк ортосунан өтөт. «Жылан боор өрүмү» татаал көрүнүп, көбүрөөк тилинген сайын талы майдаланып отурат. Камчы өрүмдүн дагы бири - «терме өрүм». Ал үчүн чебер 8-10-12-14-16- 18-20-22-24 тал көк тилген. Мында тал көктөр кайчылаша түшүп отурат. Бул өрүм «терме өрүм» деп айтылганы менен ал негизинен «калмак өрүмдүн» катарына кирет. Жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл өңдүү ат жабдыктарынын бөлүктөрү жалпысынан «калмак өрүм» делет. Мында өрүмдөр жазы болот да бир бүтүндү түзөт. Бирок, «калмак өрүмдүн» камчы өрүмгө таандык түрү бар. Орозбек кайыштан сегиз тал тилет да, өрүмү төрт болуп түшөт. Аны айрым жерлерде «казак өрүм» деп да аташат. Анда сегиз тал төрттөн экиге бөлүнөт да, анын өрүмү оңдон солго эки четинен башталат. Өрүмчү «суйсалды өрүмдү» көбүнчө кайыштан өргөн. «Музоо тиш өрүмүн» да жалан кайыштан кармаган. Камчы өрүмдө түзгүндөөнү (майда өрүмдүн учун бекитүүнү) Асанбаев Абдыкадырдан үйрөнгөн. Өзүнчө ичке көк тилип алып, өзөктү шибеге менен көзөп, андан өткөрүп, көктүн эки учун теңдеп туруп, ал көктү илме-чалма чалып, ал чалмадан эки көк түз өтүп, илмесинен да эки көк түз өрүлөт. Өрүм оролушуп, айланып, пружина сымалданып түшөт. Анан өзөктү экиге бөлүп кайышты бекитет. Ал жүгөндүн тумшугу, сагагы, эки жаагын бири бирине туташтырууда башка өрүмчүлөрдөй тээк (эки жыгач) койбой эле өз ичинен өрүм чыгарып өргөн. Орозбек басмайылдын кошундуларын өрүүдө да өзүнчө чеберчиликке ээ болгон. Арасынан түйүн чыгарган. Көмөлдүрүк, куюшкан өрүүдө да ушул ыкманы колдонгон. Өрүмчүлүк өнөрүн өркүндөтүп, жаштарга нускоочулук кылып, үйрөнчүктөрдү даярдоого албан аракеттерин жумшаган. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1977-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы; 1988-ж. «Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук III фестивалына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Өрүм ат жабдыктары Ленинграддагы тарых жана этнография музейине экспонатталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0