Алициклдүү бирикмелер

Википедия дан

Алициклдүү бирикмелер - мол-сы көмүртек жана суутек атомдорунан турган туюк чынжырчалуу түзүлүштөгү орг. бирикмелер. Мындай углеводород пайда болушу үчүн мол-да үч жана андан көп көмүртек атомдору болуш керек. Мол-дагы көмүртек, суутек атомдору катышына жана көмүртек атомдору бири-бири менен байланышуу мүнөзүнө жараша алициклдүү углеводороддор циклопарафин, циклоолефин, циклодиолефин жана циклоалкинден бөлүнөт. Алар ациклдүү углеводород атынын алдына «цикло» (гр. «kyklos» - «тегерек») деген мүчө уланып аталат. А. б. деп аталып калышы - циклопарафиндин көпчүлүк касиеттери парафиндикине (чектүү углеводород ) циклоолефиндики олефиндикине жана башка окшош болот. Циклдин туруктуулугу 3 мүчөлүү өкүлүнөн 6 мүчөлүү өкүлүн көздөй жогорулайт. Циклдин туруктуулугу алардын бурчтарынын чыңалуусуна көз каранды. Циклоалкандарга мүнөздүү изомерлер тышкары цис-, транс-, изомериялары да белгилүү. Хим. касиеттери циклдеги көмүртек атомунун санына көзкаранды. Кичине циклдүү өкүлдөрүнө реагенттерди таасир кылуудан цикл үзүлүп, аларга кошуп алуу реакциялары мүнөздүү болот. Мис., үч, төрт жана беш мүчөлүү өкүлдөрү суутекти олефиндер сыяктуу циклдин үзүлүшү менен кошуп алат да, чектүү углеводород пайда кылат:

Ал эми циклобутанды бутанга айландыруу үчүн темп-раны 180о-200оС чейин көтөрүү зарыл:

Циклопентанды гидрлөөдөн анын циклы жогорку темп-рада (300оС) гана үзүлүп, пентан алынат:

Циклогександы жана анын гомологдорун гидрлөөчү катализатор катышуусунда ысытуудан дегидрирлөө реакциясы жүрүп, ароматтык углеводороддор пайда болот:

Гологендер менен реакцияга кирип, циклоалкандар менен галогендер жаратылышына, реакциянын шартына жараша ар кандай продуктуларды пайда кылат. Күчтүү окистендиргич таасиринде цикл үзүлүп, мол-дагы көмүртек саны өзгөрбөй эки негиздүү к-талар пайда болот. А. б. жаратылыштагы ар түрдүү орг. заттар курамында мис., 3 мүчөлүү А. б. жаратылыш инсектицидинде, 4 мүчөлүү өкүлү – аноменден бөлүнүүчү анемонинде, 5 мүчөлүү өкүлү – хаульмугр к-тасында ж. б. кездешет. Циклогексан жана анын туундулары жаратылышта айрыкча көп тараган. А. б. өнөр жайда, мис., жасалма буланы алууда (капрон) аралык зат, ракета отуну катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]