Алишеров Автандил Шерматович
Көрүнүш
Алишеров Автандил Шерматович - (1955-ж. туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Мырзаке айылы) - врачфтизиатор, медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (2000). КММИни (1979), СССР Саламаттык сактоо министрлигинин Туберкулез ИИИ борборунун аспирантурасын бүтүргөн (1986, Москва). КТИИде хирург, улук илимий кызматкер, башкы врачтын орунбасары, Респ. балдар туберкулез ооруканасында (РБТО) башкы врач, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинде кадрлар жана окуу жайлар башкармалыгынын жетекчиси. 1991-жылдан УФБда директор. Эмгектери: Туберкулёз легких различных горных высот. Б., 1996; Бактериологическая диагностика туберкулеза. Б., 1998; Вакцинация БЦЖ (в соавторстве). Б., 2000.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1