Самудин Алишеров
(«Алишеров Самудин» барагынан багытталды)
Алишеров Самудин (1937, Ой-Кайың жайлоосу - 2005, Аламүдүн району, Байтик кыштагы) - Кыргызстандын керек-жарак коомуна жигердүү эмгек сиңирген соода ишмери.
- Москвадагы даярдоо техникумун бүтүргөн (1964).
- Эмгек жолун орто мектепти аяктагандан кийин Москва районундагы Ленин атындагы колхоздун жылкычысы болуп баштаган.
- Ал жаш кезинен эле шамдагай келип, көк бөрү, эр оодарыштарга катышкан улакчы болгон.
- Кийинчерээк Кемин райондук керек-жарак коомунда кампачы,
- 1964-ж. даярдоо конторасынын,
- 1966-ж. Балыкчы шаарындагы облустар аралык сырьёлор базасынын директору,
- 1969-ж. Чүй районунун керек-жарак коомунун башкармасынын төрагасы,
- 1971-ж. Ысык-Көл облусунун керек-жарак башкармалыгынын төрагасынын 1-орун басары, облустук айыл чарба азык-түлүгүн даярдоо жана анын сапатын жогорулатуу боюнча башкы инспектору, 86-жылдары Ысык-Көл облусунун жашылча-жемиштер бча бирикмесинин генералдык директору болуп эмгектенген.
- Ал эми 1986-90-жылдары Кыргыз керек-жарак союзунун аппаратында башкы адис, Фрунзе шаардык керек-жарак коомунун башкармасынын төрагасы, андан сон Кыргыз керек-жарак союзунун «Чындык» өндүрүштүк соода ишканасынын директору болуп иштеген.
- 2000-ж. Кожомкул атындагы коомдун президенти болуп шайланган.
- Бишкектеги спорт сарайынын алдындагы Кожомкулдун эстелигинин тургузулушуна көмөк көрсөткөн.
- 1981-ж. Москвадагы Эл чарбачылыгынын жетишкендиктеринин (ВДНХ) күмүш жана 1986-ж. «Эмгектин ардагери» медалдары менен сыйланган.
- Жолуке уруусунан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9