Аллилхлорид

Википедия дан

Аллилхлорид, 3-хлорпропен-1 (СН2=СНСН2Сl), мол. масс. 76,5; түссүз, кескин жыттуу суюктук, эрүү t -36оС; кайноо t 450C; d204 0,937; n20D 1,415. Орг. эриткичтерде эрийт. А-дин хлор атому активдүү болгондуктан ОН, NH2, CN жана башка менен орун алмашуу реакциясына оңой кирет, техникада HСlO менен дихлоргидринди пайда кылат. А. пропиленди 500-5500 хлорирлөөдөн алынат. СН2=СНСН3+Сl2  CH2=CHCH2Cl+HCl. Глицерин, дары-дармектерди, кээ бир пластмасса материалдарын, желимди жана башка алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]