Алмаз Акматалиев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Акматалиев Алмаз
Туулган жылы:

1959

Туулган жери:

Кара-Суу айылы, Нарын областы

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

философия

Илимий даражасы:

философия илиминин кандидаты

Илимий наамы:

профессор

Алмаз Акматалиев 1959-жылы Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн.
Философия илимдеринин кандидаты. Профессор.
1981-ж. Казак мамлекеттик университетинин философия-экономикалык факультетин бүткөн. 1981-87-ж. Кыргызстан Илимдер Академиясында илимий кызматкер, 1987-88-ж. Комсомолдун Кыргызстан Борбордук Комитетинде, 1989-90-ж. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү Министрлигинде бөлүм башчы, 1990-92-ж. Кыргыз Респу¬бликасынын Президентинин аппаратында референт, сектор башчы, 1992-96-ж. Нарын облусттук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары 1996-97-ж. На¬рын райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы, аким, Эл депутаттарынын Нарын облусттук кеңешинин төрагасы андан соӊ Нарын университетинин ректору, КРнын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын ректору кызматтарын аркалаган.
Учурда окутуучулук кесипти аркалоо менен алек.