Алмалык, шаар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Алмалык – Жетисуу аймагындагы орто кылымга таандык шаар. Биринчи жолу 13-кылымдын башталышында эскерилет. 13-кылымдын башталышында Алмалыкты каңгылар уруусунан чыккан каракчы Озар ээлеп алган. Ал Чыңгыз хан менен Күчлүккө каршы союз түзгөн. Бирок Күчлүк аны аң уулап жүргөн жеринен кармап алган. Күчлүк шаарды камоого алган, бирок моңгол аскерлери жакындап келгендиктен чегинип, туткунун өлтүрүүгө буйрук берген. Чыңгыз хан Алмалыкты Озардын уулу Сукпак тегинге берген. Чагатайдын буйругу менен асканы бузуп, 48 жыгач көпүрө салышкан, ал көпүрөлөр жанаша эки араба өткүдөй кенен болгон. Шаар Иле суусунун түндүк тарабынан орун алып, капчыгайдын оозунан Алмалыккка чейин бир күндүк жол болгон. Моңголдордун үстөмдүгү мезгилинде Иле өрөөнү аркылуу Батыш Азиядан Чыгыш Азияга эң маанилүү соода жолу өтүп, Алмалыктын жогорулашына түрткү болгон. Чагатай улусунун ханы Кебектин учурунда (1318–26) улустун борбору. Алмалыктан Мавераннахрга көчүрүлгөн. 1335-жылдан кийин Алмалык кайрадан Чагатай улусунун борборуна айланган жана чагатайлар ээлеген аймактагы көпчүлүк мезгилдерде хандар жашаган негизги шаардын бири болгон. Женкнши хандын учурунда (1338–39) Алмалыкта Европадан келген католик миссионерлеринин жана жергиликтүү буддалык жрецтердин ишмердиги күч алып, католиктердин чиркөөсү болгон. 1340-жылы христиандарды куугунтуктоодон улам Алмалыктагы алардын ишмердиги токтогон. 14-кылымдын 2-жарымынан А. Моголстан мамлекетинин борбору болгон. Моголстандын 1-ханы Тоглук Темирдин (1348–63) сөөгү Алмалык шаарынын жанына коюлган.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]