Алмамбеттин баяны

Википедия дан

Алмамбеттин баяны — эпостогу салттык туруктуу чоң окуялардын бири. Алмамбет эпосто Манаска тете деңгээлде коюлуп сыпатталган каарман жана ага байланыштуу окуялар да баатырдын өмүр жолун кууп, кеңири планда баяндалат.

Алмамбеттин туулушу жана балалык чагы — чыгарманын башкы каарманына мүнөздүү ыктар менен иштелип чыккан маанилүү бөлүм. Окуяда баатырдын өзгөчө төрөлүшүнө, бала чагына, эрдиктерине тиешелүү эпикалык салттык мотивдердин дээрлик бардык белгилери топтолгон: баатырдын теги, ата-энесинин узак баласыз жүрүшү, туяксыз атанын зары, тилеги, баланын укмуштуу төрөлүшү, өзгөчө белгилери, жашынан эле башкалардан айырмалануу, өзгөчөлөнүп турушу жана башкалар.

Туңша журтун бийлеген Чылаба деген кан болуп, Чылабадан Солобо, Солободон Соорондүк. Ал элүү төрт жашка чыкканча эркек бала көрбөй, арман кылып, баласыздыгына кайгырып жүрдү. Соорондүк элүү бешке караганда аялынын боюна бүтөт. Бала төрөлгөн жайдын күнү бир ай бою кар жаап, күн ачылбай жаткан. Бала жерге түшкөндө улуу шамал жүрүп, жер силкинип, бир күн, бир түн алаамат болуп, мал чуулап, ит үрүп, тоок чакырып, журтка доорук түшөт. Катуу толгоо көпкө созулуп, бала төрөлгөндө энесинин эси ооп, ошол бойдон ооруп калып, эмчеги байып кетип, баласын эмизбей калат. Бала Салор аттуу дуңгандын аялы Изаттын эмчегин ээмп чоңоёт. Соорондүк эң көп эл чогултуп, балалуу болгонуна чоң той берет. Баласына ат коюп беришин сурап чогулган элге кайрылса, ат коёр адам табылбай аш бышымга токтолуп калышат. Ушунча көп журттун оозуна бир ат келбейби деп Соорондүк ачууланып турганда кайдандыр пайда болгон кытай думана баланын атын «Алмамбет» коёт. Соорондүк ичинде баламдын аты башкача болуп калды деп ойлонот. Жолдугун деп берген алты дилде, он күмүштү албай, көздөн кайым болгон думана Кызыр экен. Алмамбет алты жашка чыкканда эле өзгөчө зээндүүлүгү билинип, кашына көп балдарды жыйып ойноп, окуткан таалимчилерине алардын акыл-билими жетпеген суроолор берип, акылы менен көргөндөрдү таң калтырат. Уулу он төрт жашка чыкканда Соорондүк анын акылынын жетиктигине көзү жетип, өз ордун — тагы менен кызматын баласына өткөрүп берет. Алмамбет кара кылды как жарган калыс башкаруучу болгондуктан жеке эле өз эли эмес, башка кандардын эли да арыз-муңун айтып ага келгендиктен кытайдын башка кандары, билермандары нааразы боло башташат. Атасынын ордуна аскер башы катары ал эл кыдырып жүрүп кытайлардын улуктун урматына адамды курмандык чалуу салтын көрүп, ага нааразы болуп, токтотууга өкүм кылат. Жаш бала менен кыздын боорунан жашартуучу дары жасоо адатына да тыюу салат. Анын мындай иштерине кытай кандары таң калып, күңкү сөз чыгарышат. Аскерлердин абалын текшерип жүргөн Алмамбет Эсенкан турган шаарга келгенде анын аярлары бул бала түбү бизге эл болбойт, заар берип, көзүн тазалоо оң деп кеңеш айтышат. Жөндөн жөн эле баласын өлтүрүп койсок соо калышабы деп Соорондүктөн чочулаган Эсенкан акылчыларынын айтканына көнбөйт.

Радлов жазып алган вариантта Алмамбеттин окуясы «Алмамбет мусулман болуп, Көкчөдөн чыгып, Манаска кирет» деген тема менен «Манастын туулганы» аттуу биринчи темадан кийин берилген. Бул вариантта сюжеттик өнүгүүдөгү окуянын так орду белгисиз. Анткени, бир нече айтуучудан жазылып алынган материалдарды жарыялаганда окумуштуу эпизоддорду ошол жазылып алынган тартипте эмес, окуялардын ордун өзүнүн белгилөөсү боюнча берген. Жер жер болгондо, суу суу болгондо Алты атанын уулу капыр бар экен, Үч атанын уулу мусулман бар экен (Радлов жазып алган вариант) деп башталган бөлүмдө төрт арыштуу ойроттон алтын айдар, чок белбоо Каракандын, оп олуянын тобосунан, бар олуянын батасынан бүткөн Алмамбет аттуу бала туулганы баяндалат. Алмамбет туулганда Ала-Тоо коркконунан бас болот, агын суу коркконунан сай болот, үч ата уулу мусулман суунун башын көздөй качат.

Демек, Манас сыяктуу эле Алмамбетке да эпосто мурдатадан эле орчундуу орун берилип, ага тиешелүү окуялар эпикалык салттык мотивдердин талабына ылайык баяндалып келген.

Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбеттин окуясы, Чоң казат учурунда өз сөзү аркылуу баяндалат. Атасы Азизкан. Азизкан, Карыкан, Эсенкан, Алооке төртөө бир тууган. Азизкан жетимишке чыкканча бала көрбөй, алтымыш аял алат. Алоокенин Коңурбайы тың чыгып, Азизкандын Кан-Жайлак аттуу жайлоосун тартып алат. Ыза болгон Азизкан Карыканга арызданып, Коңурбайдан да баатыр бала тууп берүүчү аял алып беришин талап кылат. Кытайдын кыздарын бүт сынчыларына сынатып Соорондүктүн кызы Алтынайды Азизканга алып беришет. Алмамбет нурдан бүткөн бала, энеси Соорондүккө келгенде анын үч айлык боюнда болот. Бала жышааналуу — сүннөткө отургузулуп төрөлүп, бала жерге түшкөндө күн күркүрөп, жер титиреп кетет. Кытайлар душман болчу бала тууларын билип, андай баланы издеп жүрүшүптүр. Ар бир төрөлгөн баланы касиеттүү кудукка салып сынап, эгер бала душман болсо күйүп өлүп, өз болсо аман калуучу экен. Алмамбетти кудукка салганда периште тосуп баланы сууга жеткирбей кармап калат. Аман калган баланы кытайлар биздин өз адамыбыз экен деп түшүнүшөт. Балага атты Алмамбет деп думана коёт. Алмамбет өзгөчө зээндүү бала болуп, ал алты жашка келгенде атасы ажыдаардын окуусуна жиберет. Ажыдаардан үч жыл Кожожаш менен бирге окуйт. Он экисинде Коңурбайдан атасынын жерин доолап барып беттешип, аны ыргыта саят. Коңурбай качып Эсенканга барып даттанат. Артынан кубалай барган Алмамбет Эсенкандан кырк кан кытайдын бир кандыгын сураса жашсың деп шылтоолоп бербей коёт. Тарынган Алмамбет Эсенканды өлтүрмөк болуп аңдып жүрүп, анын кызы Бурулчаны көрүп, экөө бирин бири жактырып калат. Бурулча өзү мусулман экен, Алмамбетти мусулман бол дейт. Ачууланган Алмамбет аны кубалап, кыз кире качкан Эсенкандын ордосунун дарбазасын талкалайт. Өз жанынан чочулап Эсенкан Карыканга качып барып, ага Алмамбетти жамандайт. Карыкан буйрук менен Алмамбетти айдатып барып, сага кандык эле керек болсо менин ордума олтур деп амал менен өз кандыгын берет.

Алмамбеттин балалык чагы белгилүү манасчыларга таандык варианттардан Шапак Рысмендеевдин вариантында,Багыш Сазановдун вариантында жок, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында өзүнчө өзгөчөлүктөрү менен башкача айтылат. Алмамбеттин насили кытай, түп атасы Айтууган, андан Күнтууган, анын баласы Айдаркан, Айдаркандан Соорондүк, Соорондүктүн уулу — Асылкан. Асылкан эр ортонуна барганча баласыз жүрүп, түш көрөт. Түшүн курачылар эркек балалуу болот экенсиң, балаң Бээжинге чуу салат деп жорушат. Курачылардын айтканын угуп, алардын кеңеши боюнча Эсенкан Асылкан балалуу болсо өлтүргүлө деп буйрук берет. Асылкандын аялынын боюна бүтүп, ал төрөрдө Эсенкан баланы өлтүрткөнү эки балбан жөнөтөт. Аны билип калган Асылкан баласын өлтүртпөй сактап калат да, дайыма сакчыларга кайтартып өстүрөт. Алмамбет сегиз жашка чыкканда окууга берилип, Кожожаш экөө бир окуйт. Асылкан баласын үйлөнтмөк болуп, дуу-дунун кызы Турнага куда түшөт. Күйөөлөп барган Алмамбеттин түшүнө Азиретаалынын балдары Асан, Үсөн кирип, сага бизди пайгамбар бабабыз жиберди, мусулман болуп келмеге тилиңди келтир дешет. Алмамбет дароо үйүнө кайтып, токтоно албай кырк жолдошу менен ууга аттанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4