Алмамбеттин кабыры

Википедия дан

Алмамбеттин кабыры (кабырканасы)— Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген жериндеги эски моло дөбө. Эл оозунда мындай деп айтылат: «Манас Чоң казатта чоролорун Шыпшайдардын огуна учурганда, Алмамбет дагы мерт болот. Ошондо Алмамбеттин сөөгүн Саралага артып, ай талаада карга-кузгун, ит-кушка жем болбосун деп жөнөтүп жиберет. Адамдан эстүү Сарала аманат сөөктү Чеч-Дөбөгө алып келген. Ошентип, Алмамбет сөөгү ушул жерге коюлган.» Саякбай Карала уулунун айтуусунда бул уламыш эпостон орун алган (Саякбай Каралаев, 2. 227).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4