Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү

Википедия дан

«Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү» — Р. Сарыпбековдун монографиясы (Фр., 1977). Китеп эпостогу башкы каармандардын бири Алмамбеттин образынын алгач пайда болуу булактары, стадиялык өсүп-өнүгүшү жана калыптаныш маселелерине арналган. Эмгек «« Алмамбеттин окуясында» матриархаттык доордон патриархаттык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык кагылыштын чагылдырылышы », «Алмамбеттин образындагы маданий каарманга таандык мифтик-фантастикалык элементтердин көрүнүшү», ««Манас» эпосунун тарыхый баатырдык эпос болуп кайрадан жаралуу мезгилинде Алмамбеттин образына кирген жаңы белгилер» деген үч баптан (главадан) жана кириш сөз, корутунду бөлүмдөрдөн турат. Иш түрк-моңгол жана башкалар элдердин фольклордук, лингвистикалык, тарыхый-этнографиялык материалдарынын негизинде салыштырма-тарыхый планда жазылган. Алгачкы булактарын энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык конфликттерден башталган Алмамбеттин образы тарыхый-социалдык шарттардын алмашылышы менен тынымсыз эволюцияда болуп, башынан көптөгөн трансформацияланууну, алымча-кошумчаларды өткөрүп, байыркы мифтик-фантастикалык эпостун (баатырдык жомоктун) каарманынан классикалык формадагы тарыхый баатырдык эпостун каарманына айланышы изилдөөдө көрсөтүлгөн. Ошондой эле каармандын ысмынын этимологиясы талкууга алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4