Алп кара куш

Википедия дан

Алп кара куш — оң каармандарга колдоо көрсөтүүчү сыйкырдуу, абдан зор куш, бүркүттүн мифтештирилген кейпи. Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында кездешүүчү А. к. к., ажыдаардын туруктуу колдоочулар болушун байыркы мезгилге байланыштуу кароо керек. А. П. Окладников түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк чыгармаларында бүркүттүн образы жөнүндө: «бакты-таалайдын жана молчулуктун залогу катары, мал менен кесипчилик кылган коомдун эң жогорку колдоочусу катары ыйык асмандын ээси болуп саналат» — дейт. Айрым археологиялык табылгалардагы сүрөттөргө караганда бүркүттүн бул образы байыркы коло доорунда эле белгилүү болгон. Ал эстеликтердин айрымдарында: «Алп кара куш арбайып, Асмандан буту тарбайып, Манаска жолдош болуптур» — делип эпосто туруктуу сүрөттөлгөндөй бүркүт кармашып жаткан жоокердин үстүндө айланып турат. Борбордук Азиядагы байыркы түрк мамлекетинин тушунда да А. к. к. колдоочулук касиетке ээ болгонун атактуу кол башчы Күлтегинге коюлган таш эстелик ачык кабарлайт. Бул эстеликтеги адамдын баш кийиминин алдыңкы бетинде укмуштуу куштун сүрөтү түшүрүлүп, анын магиялык касиетке ээ экени ачык чагылдырылган. Бүркүттүн колдоочулук элеси байыркы Сибирь элдерине гана жайылган эмес: «көптөгөн элдердин түшүнүгүндө бүркүт асмандын ээси, ал эми бир кыйла өнүккөн диндерде асман ээсинин (Зевс, Один) жандоочусу эсептелет» (Ельницкий Л. А. Скифия Евразийских степей, Новосибирск, 1977, 236-б.). Келтирилген мисалдарга караганда бүркүттүн бул типологиялаш эволюциясында эки тенденция байкалат. Ал эгер өнүккөн динге карай ыкташса кудайлардын жандоочусуна, ал эми элдик оозеки чыгармачылыкта элдик баатырды колдоочу укмуштуу жаныбарга айланат. Дүйнө элдеринин көпчүлүгүнүн оозеки чыгармаларында бүркүт менен катар ажыдаардын образы жүргөнүн көрөбүз. Мындай учурда жогоруда айтылгандай бүркүт асмандын ээси, адамга жакшылык алып келүүчү күч болуп сүрөттөлсө, ажыдаар тескерисинче, жер асты дүйнөнүн (өлүктөр жашаган дүйнөнүн) ээси. Бүркүт менен ажыдаардын ортосун адатта дүйнөнүн көпчүлүк элине кеңири белгилүү болгон өмүр дарагы — космостук дарак туташтырып турат. Түрк элдеринде деле булардын байланышы ушуга жакын элестетилет. Якут, алтай жана байыркы кыргыздардын оозеки чыгармаларында тууган жердин ээси, символу, төбөсү көккө тийип, тамыры жер астындагы өлүктөр дүйнөсүнүн каардуу кудайы — Эрликтин мекенинен орун алган дарактын башында бүркүт отуруп, баатырды кароолдоп отурганы, ал эми анын түбүндө ажыдаар тибиндеги жаныбар жатканы айтылат. Төштүк жер астына түшкөндө, дарактын башына чыгып, А. к. к-тун балапандарын жутмак болгон ажыдарды өлтүрөт. Мындан биз дүйнөлүк (космостук) дарактын классикалык үлгүсүнө жакын көрүнүш сакталганын, анын башын ) асманды) А. к. к. (бүркүт), ажыдаар жер астындагы дүйнөнү (элдик баатыр аны жер алды дүйнөдө кездешип өлтүрөт) ээлеп турганын көрөбүз. Манасты А. к. к. менен ажыдаар ушул космостук дарактай бири төбөсүндө айланып, бири алдында болуп колдоого алат. Мунун өзү Манастын күч-кайраты байыркы түрк элдеринин түшүнүгүндөгү үч сферага (жер алды — өлүктөр дүйнөсү, жер үстү — кадимки адамдардын өлкөсү, асман — кудайлар тибиндеги жогорку күчтөрдүн өлкөсүнө) тең жеткенин символдоштуруп турат. Кээ бир варианттарда А. к. к. — зымырык деп да айтыла берет. Бирок, А. к. к. байыркы түрк элдеринде, зымырык байыркы перси элдеринде пайда болгон типтеш эки башка образ. Кийинки манасчылар маданий-адабий таасирлердин натыйжасында чаташтырып айта башташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4