Алтыбаева Айнуру

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна - Жогорку Кеңешти 5- чакырылышынын «Ар–Намыс» партиясынан депутат Алтыбаева Айнуру Тойчиевна.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

1958-жылы 28-февральда Ош шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1979-1997-жылдары Ош облустук аткаруу комитетинде ар кандай кызматтарда иштеген.1997-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын бөлүмдөрүндө иштеген.2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Социалдык фондунун Свердлов районунун башчысынын орунбасары. 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант болуп иштеген. 2010-жылы «Аялдар Кенеши» коомдук бирикмесинин жана Кыргызстандын «Биримдик» демократиялык партиясынын төрайымы.2010-жылдын октябрь айында «Ар Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышын депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөөлү, төрт баланы тарбиялайт.

Булак[оңдоо | булагын оңдоо]

www.kenesh.kg.