Алтымышев Арстанбек Алыбаевич

Википедия дан

Алтымышев Арстанбек Алыбаевич (1930, Чүй облусу, Кемин району, Карабулак айылы - 2000, Бишкек) - фармаколог, медицина илимдеринин доктору (1968), профессор (1970), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1984; корреспондент мүчө, 1974). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). 1954-ж. КММИни бүтүргөн. Ошол эле институтта ассистент. 1956-62-ж. Семей (Казакстан) медициналык институтунун жана КММИнин фармакология кафедрасынын башчысы, 1969-жылдан Кыргыз ИАнын органикалык химия институтунун лаборатория башчысы, 1980-жылдан институттун директорунун орун басары, 1992-2000-ж. Биофармакология институтунун директору. 250дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 46 ойлоп табуунун жана 15 монографиянын) автору. Эмгектери Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүн жана физиологиялык активдүү заттарды изилдөөгө арналган. Ойлоп табууларынын ичинен «Ликорин», «Карагай» бальзамы, «Чынгыз» арча майынын дарылык жакшы касиети боюнча дүйнөгө таанылган. Мындан башка сергитүүчү-дарылоочу ичимдиктер - «Арашан», «Уссупийский», «Сибирь», «Гобустан» бальзамдары өндүрүштө чыгарылган. Эмгектери: К фармакологии группы алкалоидов-производных фенантредина (ликорин, дигеррин, тацеттан, галактин). Семипалатинск, 1959; Лекарственные богатства. Ф., 1974.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]