Алтынай Өмүрбекова

Википедия дан

Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна (1973-жылы 10-сентябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган, Кыргыз ССРи) – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, парламент төрагасынын орун басары, 2018-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри болуп иштеген.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1973-жылы мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Сейитбек Өмүрбеков транспорт чөйрөсүндө кызматкер, апасы Ырыс Исмаилова – технолог-кондитер. Эки эжеси жана иниси бар.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана юридика факультеттерин бүтүргөн.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-жылдан 2008-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

2009–2010-жылдары Бишкек шаарынын Аламүдүн районундагы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында юрист болуп иштеген.

2010-2011-жылдары – “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты, Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин төрагасынын орун басары.

2011-жылы Бишкектин Ленин районунун акими болгон.

2013-жылы – Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу.

2015-жылдан 2018-жылга чейин – 2015-жылы кайрадан парламенттик шайлоого катышып, “Республика – Ата-Журт” саясий партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары болгон.

2018-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри болуп иштеп, социалдык блокту жетектеген. Ал бул кызматта COVID-19дун биринчи толкуну учурунда болгон.

2020-жылдын март айында Коопсуздук кеңеши “өлкөдөгү коронавирустун жайылышын көзөмөлдөө боюнча өз убагында чараларды көрүшкөн эмес” деген жүйө менен Өмүрбекованы жана ошол кездеги саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан алууну сунуштаган. 2021-жылдын 1-апрелинде ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Чолпонбеков менен Өмүрбекованы кызматтарынан бошоткон. Анткен менен кыргыз сегментиндеги социалдык тармактардын колдонуучулары Өмүрбекованын кызматтан алынышына нааразы болушуп, аны колдогон көптөгөн постторду жазышкан [1]. Атүгүл аны атаандаштыктын айынан, көрө албастыктан жана коомчулуктун мактоо сөздөрүнөн улам кызматынан алышты деген тыянакка келишкен [2].

2021-жылдын 1-октябрында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалган.

2021-жылдын декабрь айында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн эмгек миграциясы жана миграция саясаты боюнча Москва – Бишкек – Минск – Ереван – Нур-Султан видео көпүрөсүнө катышты [3]

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2003-жылы Алтынай Өмүрбекова офтальмолог, медицина илимдеринин кандидаты Нурлан Тургунбаевге турмушка чыккан. Экөөнүн эки баласы бар – кызы Канышай 2004-жылы, уулу Кайнар 2007-жылы туулган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алтынай Өмүрбекова ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды

Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды

Омурбекова Алтынай Сейитбековна — биография

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова иш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барды

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Евразия экономикалык комиссиясынын департаментин жетектейт