Мазмунга өтүү

Алтынчы сезим

Википедия — ачык энциклопедия
Алтынчы сезим
РежиссеруМ. Найт Шямалан
Продюсер
ЖазуучуМ. Найт Шямалан
ОператоруТак Пудзимото
Тартылгандар
МузыкасыЖеймс Нүтон Хобард
РедакторуЭндрү Мондшейн
Студия
ЖайылтуучуBuena Vista Pictures Distribution
Чыккан жылы
  • август 2, 1999 (1999-08-02) (Prince Music Theater)
  • август 6, 1999 (1999-08-06) (АКШ)
Узактыгы107 мүн.
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$40 млн[1]
Киреше$672.8 млн[1]

"Алтынчы сезим" (англ. The Sixth Sense) – 1999-жылы М. Найт Шямалан тарткан америкалык мистикалык коркунучтуу триллер. Тасма арбактарды көрө билген жана алар менен сүйлөшө билген Коул Сиэр (Хейли Жоел Осмент) жана ага жардам бергенге аракет кылган балдар психологу (Брүс Уиллис) жөнүндөгү окуяны баяндайт. Бул фильм Шямаланды киносүйүүчүлөргө тасмаларын сюрприз менен бүтүргөндү жакшы көргөн өзгөчө режиссер жана сценарист катары тааныткан.

"Hollywood Pictures" жарыкка чыгарган тасма жылуу маанай менен кабыл алынган. Киносынчылар айрыкча аткаруучулулардын чеберчилигине (айрыкча Осмент, Коллет жана Уиллис), тасманын атмосферасы жана кайчы пикир менен бүтүшүнө көңүл бурушкан. Тасма өлкө ичинде $293 млн, дүйнөлүк аренадан $672 млн чогултуу менен 1999-жылдын эң көп киреше тапкан 2-тасмасы (биринчиси "Жылдыз согушу: Эпизод 1 - Жашыруун коркунуч") болуп саналат. Тасма "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер" (Шямалан), "Эң мыкты сценарий", "Эң мыкты экинчи пландагы актер" (Осмент) жана "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" (Тони Коллет) сыяктуу алты Оскар сыйлыгына талапкерлиги көргөзүлгөн.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. 1 2 The Sixth Sense (1999). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 27 -декабрь (бештин айы) 2012.