Алтыр улусу, Олтыр улусу

Википедия дан

Алтыр улусу, Олтыр улусу - энесайлык кыргыздардын 17-18-кк. башкаруу системасындагы административдик-аймактык бирдик. Кыргыз ээликтеринин түндүк аймагында жайгашкан. Улус Абакандын сол жээгинен, Уйбат Таштып дарыяларынын ортолугунан орун алып, түштүк тарабынан Энесай жогорку агымындагы аймактарды камтыган. Улустун калкы орус жазма булактарын- да «жогорку кыргыздар», «чоң кыргыздар» деп аталган. Кыргыздын мундуз жана кыпчак урууларында «чоң кыргыз» аттуу ири уруктар бар экендиги маалым. Алтыр улусунун чегине сагай, чети пүүр (жети бөрү), сарыглар, ичеги, белтир, табын, саян, чыстар, иргит, хахпына ж.б. кыргыз уруулары, кыштым (кыргыздарга салык төлөгөн көз каранды элдер) жерлери - Том, Мрасу, Кондом дарыяларынын, Кузнецк Алатоосунун токойлуу-тоолуу өрөөндөрү, Түндүк Алтайдын Төлөс (Телес) көлүнүн аймагындагы жашаган элдер, уруулар кирген. Изилдөөчүлөр «Олтыр = «Ортыр» этнони- мин (топонимин) 1703-ж. Жунгарияга көчүрүлгөн кыргыз уруусунун аты менен байланыштырышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]