Алчалуу, Кара-Суу району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Алчалуу, Кара-Суу району - Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Папан айыл өкмөтүнө караштуу. Жиптик суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1440м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 85 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 61 км. Калкы 1482 (2002); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]