Мидин Алыбаев

Википедия дан
Алыбаев, Мидин‎»‎ барагынан багытталды)

Алыбаев, Мидин (1917–1959) - акын-сатирачы, драматург. Жумгал районунун Чаек айылында 1917-жылы туулган.

1930-жылдардын башында Фрунзедеги борбордук педтехникумга окууга кирет. 1936–1938-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде иштейт. 1938 - 1940-жж. Советтик Армиянын катарында болуп, ак финдерге каршы согушка катышкан. Согуштан кийин республикалык гезит-журналдардын редакцияларында иштеген.

М.Алыбаевдин чыгармачылыгы педтехникумда окуп жүргөн кезинде башталып, «Сабаттуу бол» аттуу дубал гезитке ырлары үзүлбөй чыгып турган. 1937-жылы М.Алыбаевдин «Бактылуу жаштык» деген биринчи ырлар жыйнагы чыгат. Сатирачы катары «Акчүч» аттуу сатиралык жыйнагы жарык көргөн.

М.Алыбаевдин «Курорттогу окуя» аттуу көп актылуу комедиясы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында коюлган.

Акын А.С.Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун, Г.Гулямдын, В.Саяновдун, В.Маяковскийдин бир катар чыгармаларын которгон.

1939-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бактылуу жаштык: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 58 б.
  • Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 58 б.
  • Жомокчу мерген. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 59 б.
  • Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 52 б.
  • Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 45 б.
  • Акчүч: Сатиралар жана лирикалык ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 122 б.
  • Эмне үчүн короз таң алдында чакырат?: Бөбөктөр үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 17 б.
  • Эмне үчүн короз таң алдында чакырат?: Бөбөктөр үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 20 б.
  • Эки бүркүт: Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 20 б.
  • Чыгармаларынын бир томдугу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 443 б.
  • Ачылбаган кат: Аңгемелер, очерктер жана фелъетондор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 261 б.
  • Мергенчи. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 444 б.
  • Жарык көрбөгөн каттары: Аңгемелер, очерк, сатира жана фельетон-дор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 262 б.
  • Кызыл жылдыз: Өспүрүмдөр үчүн ырлар – Ф.: Мектеп, 1971. – 63 б.
  • Жомок: Мектеп жашына чейинки балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1965. – 31 б.
  • Тандалган ырлар. Түзгөн: сЖ.Кудайбергенова. – Ф.: Кыргызстан, 1967. –198 б.
  • Жомокчу мерген: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 48 б.
  • Пьесалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. –172 б.
  • Жомокчу мерген: Аңгемелер жана сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 222 б.
  • Акчүч. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 21 б.
  • Тандалган чыгармалар : Ырлар, сатиралар, эпиграммалар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. - 207 б.
  • Карыган дубду канаттуулар кантип сакташты. – Ф.: Мектеп, 1980. – 7 б.
  • Ачылбаган кат: Аңгемелер, очерктер, сатиралар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 224 б.
  • Мидин: Ырлар, поэмалар, сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 31ошл1 б.
  • Ачылбаган кат: Аңгемелер жана сатиралар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. - 200 б.
  • Мидин: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Кыргызстан, 1996. – 220 б.
  • Медер: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2008. – 260 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Разговор с современником: Сборник стихов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 114 с.
  • Как птицы спасли старый дуб: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1980. – 12 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саянов В.М. Ленин Горкиде: Поэмалар жана ырлар. – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1952. – 32 б.
  • Гулям Гафур. Акмат жаман бала эмес, бирок…: Аңгеме. – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1953. – 14 б.
  • Ырлар: Орус элинин ырлары. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 16 б.
  • Пенджаб акындары: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 36 б. (Авторлош).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]