Бекбай Алыкулов

Википедия дан
Алыкулов, Бекбай‎»‎ барагынан багытталды)

Алыкулов, Бекбай жазуучу. Жайыл районунун Сары-Булак айылында 1937-жылдын 15-сентябрында туулган.
1955-жылы Сары-Булак орто мектебин бүтүргөндөн кийин үч жыл Ленин атындагы колхоздо чабан болуп иштеген. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын «Билим» коомунда методист болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң 1965–1967-жж. Кыргызстан керек-жарак союзунда китеп-соодалоо бөлүмүнүн товар боюнча улук адиси, 1967–1983-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде атайын кабарчы, «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, 1988-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор, «Кыргызкабар» агенттигинде редактор, 1990-жылы «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор, Чүй облустук «Чүй баяны» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы, республикалык «Кыргыз Туусу» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Алгачкы «Фонарь» деген аңгемеси 1957-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган. Ошондон баштап аңгеме-очерктери мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыялана баштаган.

1970-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер жана 2006-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1974-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам алган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Турмуш жолу: Документалдуу повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 88 б.
  • Ак куулар кайтып келатат: Аңгеме, повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 144 б.
  • Балалык менен кездешүү: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1984. – 192 б.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чагым кесепети. – Ф.: Кыргызстан, 1979 – 68 б.
  • Анна Лупан: Дыйкандарың кайда, жер? Роман. – Ф.: Мектеп. 1977. – 252 б.
  • Ирина Волобуева: Боз үй сындуу асман астында. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 247 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]