Жумабай Алымбеков

Википедия дан
Алымбеков Жумабай‎»‎ барагынан багытталды)

Алымбеков Жумабай (1921, Каныш-Кыя айылы-1999, ошол эле жер) - коомдук ишмер, эмгектин жана согуштун ардагери.

1944-жылдан райондук комсомол комитетинин 1-катчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, райондук финансы бөлүмүнүн башчысы, Токтогул, Маркс атындагы колхоздордун башкармалыгынын төрагасы, Чаткал токой чарбасынын кызматкери болуп иштеген. Райондун чарбаларына өздүк демилге менен барып, айыл-чарба иштерин уюштурууда өзгөчө кызмат аткарган отуз миңчилерден болуп саналат. I даражадагы “Улуу Ата Мекендик согуш” ордени, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун «Мактоо грамотасы» менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6