Алымбеков Ибраим (Ыбыш)

Википедия дан

Алымбеков Ибраим (Ыбыш) (1901, Булак айылы-1983, ошол эле жер) - алгачкы агартуучулардан.

Наманган уездиндеги дин мектебин (1920), Ташкендеги советтик кызматкерлерди даярдоо курсун (1924), Бишкектеги педагогикалык техникумун (1928) бүтүргөн.

1925-ж. Токтогул районундагы Сарыкамыш айылында кедей жана орто дыйкандардын «Кошчу» союзун уюштурган жана мектеп ачкан. Ошол эле жылы Торкен айылына башталгыч мектеп ачып, мугалим болуп иштейт. 1926-ж. райондун борборундагы орус-тузем мектебинде жатак-мектеп уюштуруп, ал жерге директор болуп дайындалган. 1927-ж. араб тамгасынан латын тамгасына өтүүдө жаңы алфавит түзүүчү комиссиянын мүчөсү болгон. 192840-ж. Токтогул районундагы Ленин атындагы жатак-мектептин директору, 1940-46-ж. райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1946-54-ж. Токтогул райондук эл депутаттарынын аткаруу комитетинин төрагасы, 195461-ж. «Совет» колхозунун башкармасы болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын улук методисти (1928). Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган. Сарысөгөт айылындагы мектепке ысмы ыйгарылган (1996).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5