Алымбеков Искак Ибраимович

Википедия дан

Алымбеков Искак Ибраимович (1932-ж. т., Булак айылы) - эл агартуу отличниги.

1951-жылы Фрунзе шаарындагы мугалимдер институтунун филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1956-58-ж. райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, 1963-68-ж. райондук комитеттин инструктору, Токтогул совхозунда партиялык комитеттин катчысы, 1968-70-ж. Н. К. Крупская атындагы орто мектепте директор, 1970-77-ж. Белалды айылдык Кеңешинин төрагасы, 1977-87-ж. Н. К. Крупская атындагы орто мектептин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары, директору болуп эмгектенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5