Асанбек Алымкулов
Алымкулов Асанбек Ат жабдыктарынын жана тери буюмдарынын чебери. 1970-ж. Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында төрөлгөн.
1989-ж. «Мураскер» элдик көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайынын териден көркөм буюм кармоо бөлүмүн бүтүргөн. Нарын шаарындагы «Ңуска» чакан чеберканасында узанат. 1991-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Ал ат жабдыктары жана камчы өрүмдөрү аркылуу кароо-сынактарга катышат. 12 талды алтыдан бөлүп, кайра эки талды тиги талдардан алып, кайра ошол талды алган жакка берет. Демек, топ алты талдар бири-бирине кошулуп алына берет. Ошондо алды бирдей, үстү балык жон көрүнөт. «Жылан боор өрүмүңө» 12 тал көктү алты-алтыдан бөлүп, алтоону өзөктүн алдынан алат, алтоону өзөктүн үстүнө чыгарат. Алдыңкы талдан бир тал алынат. Үстүңкү талдын экөөнүн үстүнөн бирөө алдыңкы талдын экөөнүн астынан, экөөнүн үстүнөн басып, мына ушул тал шарттуу кайталана берет. Чебер ийлеп кол кайыш да жасайт. Эмгеги баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1991-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Өрүм ат жабдыктары коюлган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0