Эсенкан Алымкулов
(«Алымкулов Эсенкан» барагынан багытталды)
Алымкулов Эсенкан (1928, Суусамыр өрөөнү, Ой-Кайың өзөнү - 2006, Аламүдүн району, Орто-Алыш кыштагы) - айыл чарбага эмгек сиңирген ишмер.
- К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун агрономия факультетин бүтүргөн (1956).
- Ошол жылдан Суусамыр машина трактор станциясында агроном, 1958-ж.
- башкы агроном, 1964-73-жылдары Суусамыр МЖСинин директору болуп иштейт.
- Айылдын экономикасынын өнүгүшүнө зор салымдарды кошкон.
- Анын демилгеси менен Кызыл-Ой - Сары-Камыш автомобиль жолу (45 км) салынган жана телефон байланышы (АТС-50), радио, теле жана электр линиялары тартылган.
- Анын Суусамырды.н тоолуу өрөөнүндөгү 20 миң га дың жерди өздөштүрүүдө жана ал жерге себилген эгиндин түшүмдүүлүгүн арттурууда эмгеги зор.
- 1973-ж. Кыргызстан мал чарба илим изилдөө институтунда жайыт тоюттары боюнча сектор башчысы, Кыргыз илимий өндүрүштүк мал чарба бирикмесинин башчысы, 1980-ж. мөмө-жемиш министрлигинде тоют жана сугат боюнча бөлүмдүн башчысы, 1985-ж.
- Сокулуктагы мөмө-жемиш өстүрүүчү совхозунун директору болуп эмгектенген.
- Кыргызстан коммунистик партиясынын XIV жана XV съездеринин делегаты.
- 1957-ж. Москвадагы бүткүл дүйнөлүк VI жаштар фестивалынын, 1968-ж.
- бүткүл союздук жаштар жүрүшүнүн катышуучусу, Москвадагы эл чарба жетишкендиги көргөзмөсүнүн (ВДНХ) күмүш жана «Эмгек даңкы» медалдары жана эки жолу «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
- 1976-ж. Москвадагы өткөн бүткүл дүйнөлүк «Шалбаалар» боюнча XII конгрессинин конгрессмени.
- Эки жолу райондун аткаруу кеңешинин мүчөсү болгон.
- Суусамырдын биринчи «Ардактуу инсаны».
- Анын урматына Суусамыр кыштагындагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган.
- Жолуке уруусунан
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9