Алымкул Аталык

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Алымкул Аталык, Молдо Алымкул (1829–1865) – түштүк кыргыздардын феодал төбөлдөрүнүн ж-а саясий ишмерлеринин бири. Ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунан. Бала чагында Бужум-Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин Анжиян, Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы м-н аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде ал Алымбек даткага кошулуп, Кудаяр хандын ордуна Мала ханды көтөрткөн. 1862-ж. Мала хан өлтүрү-лүп, тактыга Шаамурат олтурат, ал эми А.а. хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-ж. жазында А.а. төңкөрүш уюш-туруп, тактыга Мала хандын уулу Султан Саидди отургузат да иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). 1865-ж. Ташкендин жанында орус падышалыгына каршы согушта жаракат алып, каза тапкан.

Он тогузунчу кылымдагы кыргыз тарыхынын орчундуу бөлүгүн камтыган Кокон хандыгында Алымкул аталыктын өз орду бар. Тарыхы санжырага айланып, отуз беш жашка жетип-жетпеген өмүрүндө кыргыз, казак, өзбектерге эле эмес, түрк султандарына чейин таанымал болгон. Ал Кокон бийлигинин туткасын кармоодо ырыскы талашкан замандаштарынан билимдүүлүгү менен айрымаланган.
Алымкул Асан уулу 1829-жылдын ар жак бер жагында жарык дүйнөгө келгендиги тууралуу маалыматтар бар. Молдо Алымкул жаштайынан Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, андан соң Анжиян, Кокондогу медреселерден илимин жогорулаткан. Кыргыздын ичкилик уруу бирикмесинин кыпчак уруусунан чыккан Алымкулдун таржымалы тууралуу бүгүнкү күндөгү Өзбекстандын Коргонтөбө районуна караштуу Таштак айылында жашап өткөн Гуламкадыр Кенжеев мындай пикирин айткан:
- Алымкулдун туулуп өскөн айылы Таштак болот. Өзбекстандын Анжиян облусу, Коргонтөбө району Комсомол айылы. Балдары, небере, чөбөрөлөрү, урпактары ошол жерде. Молдо Алымкулдун уруусу таз. Таздын ичиндеги шилекейлерден болот. Молдо Аламкулдун атасын Асан шилекей дешкен, кийин Асан бий болгон. Мен бул сөздү көпчүлүк аксакалдардан уккам.
Албетте, атанын уулу катары улуулардан калган нусканы бекем сактаган урпактарынын эсинде көп маалыматтардын так эстелип калышы жакшы жышаан. Он тогузунчу, жыйырманчы кылымдар боюнча адистешкен тарых илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти маркум Кушубек Үсөнбаев мындай деп айткан эле:
- Алымкул өзү кыргыздан чыккан ушунчалык кыйын адам. Кокон хандыгынын убагында ал колунан өзүнүн тизгинин, чылбырын түшүрбөй, Кокон хандыгын башкарууга кадимкидей катышып, жалпы эле Кокон хандыгынын эркиндигин сактап келген улуу инсан.
1862-жылдардан баштап бийлик кумарына батыл аралашып, ордодогу увазирдик, андан соң Аталык кызмат даражаларын ээлеген Алымкул Молдо Асан уулу орус оторчулары менен кармаштарда генералдардын шаштысын кетирип, шайын оодаргандыктан, орус аскер башчылары жансыз жалдап жок кылуу аракеттерин жасашкан. Ошол аракеттердин натыйжасында 1865-жылы 9-майда Ташкенде ага ок жаңылып, курман болгон. Сөөгү бүгүнкү Ташкен шаарындагы Шайхантаур деген мүрзөгө жашырылган.
Молдо Алымкул шейит кеткенде замандашы, жазма акын Молдо Нияз төмөндөгүдөй арманын жазган:
Орустар осол болгондо,
Кафриге таш иши түшкөндө,
Батбактар моюн сунаарда,
Мусулман журт тынаарда,
Ок жаңылды өзүңө,
От чагылды көзүңө,
Ат боорудан кан кетти,
Жаннатка карап жан кетти.
Жибектей жаның эшилип,
Көңүлүң көлдөй көшүлүп,
Хадия кылып башыңды,
Азиздарга кошулуп,
Шашпай жетти жоомартың,
Шейиттерге кошулуп,
Азиз башың ол эле,
Ашка жаның жеттеди,
Давлетиң кетти башыңан,
Далеткөй кетти кашыңан
Эфакта жаның үзүлдү,
Чырактай көзүң сүзүлдү,
Мусаафир Ташкен шаарында
Бейит болдуң Алымкул,
Чочкого уруп өзүңдү,
Шейит болдуң Алымкул - деп Алымкул аталыктын кыргыздын 19-кылымдагы чыгаан патриот уулу, гумманист жана философ акындардын ири өкүлү, тарыхчы жана саякатчы Молдо Нияз бабабыз өз учурунда каны какшап санат калтырган экен.

Пайдаланылган адабиятттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Булак 1: Кыргыз Инфо Булак 2: Биздин