Алыммырза

Википедия дан

АлыммырзаМанас эпосунун эпизоддук кейипкери, Кейип шаарынын эл башчыларынын бири. Манаска ылайык кыз издеп эл кыдырып жүргөн Жакып Кейип калаасына келгенде эл башчысы А-дан ылайыктуу кыз барбы деп сурайт. Жакыптан эки жамбы алган А. Санирабиганын дайнын айтып, ал кызды алганга алыңар жетпейт дейт. А. баш болгон он чакты киши эки жамбыны бөлүп алышып, Жакыпты далдага алпарып сейилде жүргөн кыздарды көрсөтүшөт (Сагымбай Орозбаков, 2.351 — 352).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4