Алымова Бүбаим

Википедия дан

Алымова Бүбаим 1951-жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • Орто мектепти аяктагандан кийин, “Дружба” совхозунун мал фермасына саанчы болуп жумушка орношуп,
  • 1995- жылы совхоз таркап кеткенге чейин эмгектенген.
  • Өмүр бою бир жерде иштеп, совхоздун, айылдын өнүп- өсүшүнө чоң салымын кошкон.
  • Малдын сүттүүлүгүн көбөйтүү боюнча новаторлук сунуштарды киргизген.
  • Көп жолу социалисттик мелдештин жеңүүчүсү аталып, совхоздун Ардак тактасында сүрөтү илинген.
  • Беш жылдык пландарын ашыгы менен аткарып, көптөгөн грамоталар, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
  • 1973-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынып, совхоздун парт.
  • комитетинин мүчөсү болгон.
  • Совхозго жаңыдан саанчы болуп жумушка орношкон жаштарга насаатын айтып, тажрыйбасы менен тең бөлүшүп, жаштардын кесипкөй адис болуп чыгышына көп эмгек жумшаган.
  • 6 кыз, бир уулдун энеси.
  • 2010-жылы оорудан каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3