Альтернатива (логикада)
Альтернатива (логикада) - (фр., alternative, латын alter - экөөнүн бири), эки же бир нече бири-бирин жокко чыгарган мүмкүнчүлүктөрдүн бирин тандоо зарылчылыгы; бири-бирин жокко чыгарган же танган мүмкүнчүлүктөр. Альтернативанын логикалык негизин шарттуу ажыратуучу силлогизм түзөт. Шарттардын саны боюнча дилемма, трилемма, полилемманы айырмалайт. Дилемма - экөөнүн бири тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар шартты ажыратуучу силлогизм.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1