Ал-Каида

Википедия дан
Аль-Акыда‎»‎ барагынан багытталды)

Ал-Каида (ар. - негиз, өзөк) - эл аралык исламчыл террордук уюм. 1988-ж. Сауд Аравиясынан чыккан Усама Бен Ладен тарабынан түзүлгөн. Ал-Каиданын максаты - мусулман өлкөлөрүн жарандык өкмөттөрдөн куткаруу жана ислам мамлекеттерин түзүү, мусулмандардын душмандары деп эсептешкен өлкөлөргө (АКШ, Израиль ж. б.) каршы согуш жүргүзүү (жихад), дүйнөдөгү бардык исламчыл согуштук уюмдарга колдоо көргөзүү.

Нью-Йорк, 11 сентябрь 2001.

Ал-Каиданын өзөгүн 1979—89-ж. СССРге каршы күрөшкөн Афганстандагы араб ыктыярдуулары (моджахеддер) түзгөн. Алардын аракеттери Бен Ладен тарабынан каржыланып турган жана көпчүлүгү Сомали, Тоолуу Карабак (армян-азербайжан чатагы), Босния, Косово, Тажикстан, Чеченстандагы (Хаттаб жетектеген можахеттер) ж. б. согуштук окуяларга катышышкан. 1990-ж. А.-К. уюму «Афган Жихадынын Энциклопедиясын» басып чыгарып, анда террордук аракеттерди жүргүзүү тактикасы, жардыруучу куралдарды жасоо жана пайдалануу ыкмалары камтылган. 1997-ж. АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматы Бен Ладенди «№ 1 террорчу» деп жарыялаган. Бен Ладен Афганстандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактарда жашырынып жүргөн жана «Талибан» кыймылы аны Америкага берүүдөн баш тарткандан кийин, АКШ Афганстандагы антитеррордук компаниясын баштаган. Анын жүрүшүндө Ал-Каиданын жетекчилеринин көпчүлүгү жок кылынган, бирок Бен Ладен кармалган эмес. 1998-ж. Ал-Каида уюму Найробидеги (Кения), Дар-Эс-Саламдагы (Танзания) АКШнын элчиликтериндеги жардырууларды (300гө жакын киши өлүп, 5 миңге жакыны жарадар болгон) уюштургандыгын билдирди. Тунисте, Йеменде, Кувейтте, Индонезияда, Кенияда, Сауд Аравиясында, Испанияда, Түркияда ж. б. өлкөлөрдө Ал-Каиданын мүчөлөрү уюштурган террордук актылардан жүздөгөн адамдар курман болду. 1998-ж. Ал-Каида «Иудейлерге жана кресттүүлөргө каршы бүткүлдүйнөлүк ислам фронтунун» түзүлгөндүгүн жарыялады. 11. 9. 2001-ж. террорчулардын Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна жана Вашингтондогу Пентагондун имараттарына жасаган авиачабуулунан 3 миң киши курман болуп, бир нече миң адам жарадар болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]