Мазмунга өтүү

Аль-Бакара сүрөсү

Википедия — ачык энциклопедия
Аль-Бакара
سورة البقرة
           
Жалпы маалымат
Атынын мааниси Уй
Башка аттары
Классификациясы
2
орду
1, 2, 3
жуз
түшүү тартиби
Түрү Мединалык
Статистика
286
аят
6144
сөз
25613
тамга
Хронология
Мурунку сүрө Аль-Фатиха
Кийинки сүрө Аль-Имран
Хижаз жазуусу менен жазылган, болжол менен хижранын 1-кылымынын ортосуна таандык кол жазма.

Бакара сүрөсү (ар. سُورَةُ البَقَرة) — Курандагы эң узун сүрө, 286 аяттан турат. Мусхафта Фатиха сүрөсүнөн кийин экинчи орунда турат. Бул сүрө Мединада түшүрүлгөн алгачкы сүрө деп айтылат, бирок анын

وَٱتَّقُواْ يَوۡمࣰا تُرۡجَعُونَ فِيهِ إِلَى ٱللَّهِۖ ثُمَّ تُوَفَّىٰ كُلُّ نَفۡسࣲ مَّا كَسَبَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ ۝٢٨١﴿ [Аль-Бакара:281]

"Жана силер Аллахка кайтарыла турган Күндөн корккула! Андан соң ар бир жанга жасаган эмгегине жараша толук берилет жана аларга зулумдук кылынбайт" деген аяты асмандан түшүрүлгөн эң акыркы аят болуп, Курман айт күнү Коштошуу ажылыгында Мина өрөөнүндө түшүрүлгөн. Ошондой эле, пайыз (риба) тууралуу аяттар да Куранда алгачкылардан болуп түшүрүлгөн.

Бул сүрөнү улуулугу, көркөмдүгү, көптөгөн өкүмдөр менен насааттарды камтыгандыгы үчүн «Курандын чатыры» (Фустат-ул-Куран) деп да аташат. Муну Халид ибн Мадан айткан. Умар ибн аль-Хаттаб бул сүрөнү, андагы фыкыхты жана мазмунун он эки жылда, ал эми анын уулу Абдуллах ибн Умар сегиз жылда үйрөнгөн.

Бул сүрөдө Курандагы эң улуу аят болгон 255-Аят аль-Курси жайгашкан. Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат, ал айтты: «Алланын Элчиси (Ага Алланын салам-салаваттары болсун) мени Рамазан айындагы зекетин сактоого дайындады. Бир күнү бирөө келип, тамак-аштан ала баштады. Мен аны кармап алып: "Сени Алланын Элчисине алып барам" дедим. Ал окуясын айтып берип, "Төшөгүңө жатаарда Аят аль-Курсини окусаң, таң атканча Аллах тарабынан бир сактоочу сени менен болот жана шайтан сага жакындай албайт" деди. Муну уккан Пайгамбар: "Ал калпычы болсо да, сага чындыкты айтыптыр. Ал – шайтан болчу" – деди». Ошондой эле, бул сүрөдө Курандагы эң узун аят – Карыз аяты да бар.

Түшүрүлүү себептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бакара сүрөсүнүн тексти, Хафстын Асымдан кылган риваяты боюнча, Усманий жазуусунда

Алгачкы аяттардын түшүү себептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мужахид ибн Жабрдан риваят кылынат, ал айтты: «Бул сүрөнүн башындагы төрт аят момундардын сыпаты жөнүндө, эки аят каапырлардын сыпаты жөнүндө, ал эми он үч аят мунафыктар (эки жүздүүлөр) жөнүндө түшүрүлгөн».

26-аяттын түшүү себеби

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдуллах ибн Аббас жана Абдуллах ибн Масуд айтышкан: «Аллах мунафыктар үчүн эки мисалды келтиргенде, б.а.,

مَثَلُهُمۡ كَمَثَلِ ٱلَّذِی ٱسۡتَوۡقَدَ نَارࣰا فَلَمَّاۤ أَضَاۤءَتۡ مَا حَوۡلَهُۥ ذَهَبَ ٱللَّهُ بِنُورِهِمۡ وَتَرَكَهُمۡ فِی ظُلُمَـٰتࣲ لَّا يُبۡصِرُونَ ۝١٧﴿ [Аль-Бакара:17]

жана

أَوۡ كَصَيِّبࣲ مِّنَ ٱلسَّمَاۤءِ فِيهِ ظُلُمَـٰتࣱ وَرَعۡدࣱ وَبَرۡقࣱ يَجۡعَلُونَ أَصَـٰبِعَهُمۡ فِیۤ ءَاذَانِهِم مِّنَ ٱلصَّوَ ٰعِقِ حَذَرَ ٱلۡمَوۡتِۚ وَٱللَّهُ مُحِيطُۢ بِٱلۡكَـٰفِرِينَ ۝١٩﴿ [Аль-Бакара:19]

деген аяттарда, мунафыктар: "Аллах мындай мисалдарды келтирүүдөн улук жана бийик" – дешти. Ошондо Аллах Таала

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَسۡتَحۡیِۦۤ أَن يَضۡرِبَ مَثَلࣰا مَّا بَعُوضَةࣰ فَمَا فَوۡقَهَاۚ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فَيَعۡلَمُونَ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّهِمۡۖ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَيَقُولُونَ مَاذَاۤ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَـٰذَا مَثَلࣰاۘ يُضِلُّ بِهِۦ كَثِيرࣰا وَيَهۡدِی بِهِۦ كَثِيرࣰاۚ وَمَا يُضِلُّ بِهِۦۤ إِلَّا ٱلۡفَـٰسِقِينَ ۝٢٦﴿ [Аль-Бакара:26]

деген аятты түшүрдү».

62-аяттын түшүү себеби

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мужахидден риваят кылынат, Салман аль-Фариси (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардан мурда ээрчиген дининдеги адамдар жөнүндө сурап: "Оо, Алланын Элчиси, алар намаз окуп, орозо тутуп, сизге ыйман келтирип, сиздин пайгамбар болуп жиберилериңизге күбөлүк беришчү" – деди. Ошондо Аллах бул аятты түшүргөн:

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱلَّذِينَ هَادُواْ وَٱلنَّصَـٰرَىٰ وَٱلصَّـٰبِـِٔينَ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡءَاخِرِ وَعَمِلَ صَـٰلِحࣰا فَلَهُمۡ أَجۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ وَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ ۝٦٢﴿ [Аль-Бакара:62].

  • Бул сүрө Муса пайгамбардын доорундагы Бани Исраил элинин уюу тууралуу окуясын (67-73-аяттарда) баяндагандыктан, «Бакара» (Уй) деп аталган.
  • Сүрө миң буйрук, миң тыюу, миң өкүм жана миң кабарды камтыйт.
  • Аяттардын саны (286) – Хафс ибн Сулаймандын риваяты боюнча басылган падыша Фахддын Мусхафында.
  • Аяттардын саны (286) – Варштын риваяты боюнча басылган Мусхафта да ушундай. Айырмачылыктар кээ бир сүрөлөрдүн башындагы «мукатта» тамгаларын (мис., «Алиф-Лам-Мим») Хафс өзүнчө аят деп санаса, Варш аларды кийинки аятка кошуп эсептегенинен келип чыккан.

Бакара сүрөсүнүн пазилети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алланын Элчисинин (Ага Алланын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин уктум: «Кыямат күнү Куран жана ага амал кылган адамдар алып келинет. Алардын алдында Бакара жана Аль-Имран сүрөлөрү турат». Алланын Элчиси ал экөөнө үч мисал келтирди, мен аларды эч унутпадым: «Алар эки булут же эки кара көлөкө сыяктуу, же болбосо канат жайып учкан эки топ куш сыяктуу келип, өз ээсин коргоп талашышат».

  • Абу Масуд аль-Ансариден риваят, Пайгамбар (Ага Алланын салам-салаваттары болсун) айтты: «Ким Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуса, ага ошол жетиштүү болот». (Сахих аль-Бухари, № 5040)
  • Абу Хурайрадан риваят, Алланын Элчиси (Ага Алланын салам-салаваттары болсун) айтты: «Үйлөрүңөрдү мүрзөгө айландырбагыла. Чындыгында, Бакара сүрөсү окулган үйгө шайтан кирбейт». (Тирмизи, Муслим, Насаи риваяттары)
  • Абу Умама аль-Бахилиден риваят, Алланын Элчисинин (Ага Алланын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин уктум: «Куран окугула, анткени ал Кыямат күнү өз ээсине шапаатчы болот. Эки нурдуу сүрөнү – Бакара менен Аль-Имранды окугула. Алар Кыямат күнү эки булут же эки көлөкө, же болбосо канат жайган эки топ куш сыяктуу келип, ээлерин коргойт. Бакара сүрөсүн окугула. Аны алуу – береке, ал эми таштоо – өкүнүч. Ага сыйкырчылардын күчү жетпейт».

Бул окуя Бакара сүрөсүнүн 67-73-аяттарында баяндалат.

وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦۤ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُكُمۡ أَن تَذۡبَحُواْ بَقَرَةࣰۖ قَالُوۤاْ أَتَتَّخِذُنَا هُزُوࣰاۖ قَالَ أَعُوذُ بِٱللَّهِ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡجَـٰهِلِينَ ۝٦٧﴿ [Аль-Бакара:67]
Эстегиле, Муса өз коомуна: "Чындыгында, Аллах силерге бир уйду союуну буйруду" - деди. Алар: "Бизди шылдыңдап жатасыңбы?" - дешти. (Муса): "Наадандардан болуп калуудан Аллахтан сактанам" - деди.
قَالُواْ ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّن لَّنَا مَا هِیَۚ قَالَ إِنَّهُۥ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةࣱ لَّا فَارِضࣱ وَلَا بِكۡرٌ عَوَانُۢ بَيۡنَ ذَ ٰلِكَۖ فَٱفۡعَلُواْ مَا تُؤۡمَرُونَ ۝٦٨﴿ [Аль-Бакара:68]
Алар: "Биз үчүн Раббиңе дуба кыл, ал бизге кандай уй экенин түшүндүрсүн" - дешти. (Муса) айтты: "Ал айтат: ал кары да эмес, жаш да эмес, ошонун ортосундагы уй. Эми силерге буйрулганды аткаргыла".
قَالُواْ ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّن لَّنَا مَا لَوۡنُهَاۚ قَالَ إِنَّهُۥ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةࣱ صَفۡرَاۤءُ فَاقِعࣱ لَّوۡنُهَا تَسُرُّ ٱلنَّـٰظِرِينَ ۝٦٩﴿ [Аль-Бакара:69]
Алар: "Биз үчүн Раббиңе дуба кыл, анын өңү кандай экенин айтсын" - дешти. (Муса) айтты: "Ал айтат: ал көрүүчүлөрдү кубанткан, ачык сары түстөгү уй".
قَالُواْ ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّن لَّنَا مَا هِیَ إِنَّ ٱلۡبَقَرَ تَشَـٰبَهَ عَلَيۡنَا وَإِنَّاۤ إِن شَاۤءَ ٱللَّهُ لَمُهۡتَدُونَ ۝٧٠﴿ [Аль-Бакара:70]
Алар: "Биз үчүн Раббиңе дуба кыл, бизге анын кандай экенин дагы да аныктап берсин, анткени уйлар бизге окшош көрүнүп жатат. Эгер Аллах кааласа, биз сөзсүз туура жолду табабыз" - дешти.
قَالَ إِنَّهُۥ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةࣱ لَّا ذَلُولࣱ تُثِيرُ ٱلۡأَرۡضَ وَلَا تَسۡقِی ٱلۡحَرۡثَ مُسَلَّمَةࣱ لَّا شِيَةَ فِيهَاۚ قَالُواْ ٱلۡـَٔـٰنَ جِئۡتَ بِٱلۡحَقِّۚ فَذَبَحُوهَا وَمَا كَادُواْ يَفۡعَلُونَ ۝٧١﴿ [Аль-Бакара:71]
(Муса) айтты: "Ал айтат: ал жер айдоого да, эгин сугарууга да колдонулбаган, кемчилиги жок, бир өңчөй уй". Алар: "Эми чындыкты айттың" - дешип, аны араңдан зорго союшту.
وَإِذۡ قَتَلۡتُمۡ نَفۡسࣰا فَٱدَّ ٰرَءٖۡتُمۡ فِيهَاۖ وَٱللَّهُ مُخۡرِجࣱ مَّا كُنتُمۡ تَكۡتُمُونَ ۝٧٢﴿ [Аль-Бакара:72]
Эстегиле, силер бир жанды өлтүрүп, ал жөнүндө талашып-тартышып калдыңар. Аллах силер жашырган нерсени Ачыкка чыгаруучу.
فَقُلۡنَا ٱضۡرِبُوهُ بِبَعۡضِهَاۚ كَذَ ٰلِكَ يُحۡیِ ٱللَّهُ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَيُرِيكُمۡ ءَايَـٰتِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ ۝٧٣﴿ [Аль-Бакара:73]
Ошондо Биз: "Аны (өлүктү) ошол уйдун бир мүчөсү менен чапкыла" - дедик. Аллах өлүктөрдү ушинтип тирилтет жана силерге Өзүнүн белгилерин көрсөтөт, балким акыл калчаарсыңар.

Сүрөнүн максаттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакара сүрөсүнүн негизги максаттарынын бири – үммөттү жерди гүлдөтүүгө, Алланын динин карманууга даярдоо, адамдардын түрлөрүн баяндоо. Ошондой эле, анда ыймандын негиздери жана шарияттын жалпы эрежелери камтылган.

Ошондой эле караңыз

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Муруңку сүрөө: 2 Сүрө Аль-ФатихаАрабча текст Кийиңки сүрөө: Аль-Имран