Аль-Фергани
| ир. ابوالعباس احمد ابن محمد ابن کثیر فَرغانی, ар. أحمد بن كثير الفرغاني | |
| | |
| Туулган жылы: | |
|---|---|
| Туулган жери: |
Фергана өрөөнү, Согдиана |
| Каза болгон жылы: | |
| Каза болгон жери: | |
| Илимий чөйрөсү: |
математик, астроном |
| Иштеген жери: |
Өзбек мамлекеттик университети |
| Альма-матер: |
Багдаддагы Даанышмандык үйү |
Абу-ль-Аббас Ахмад ибн Мухаммад аль-Фергани (ир. ابوالعباس احمد ابن محمد ابن کثیر فَرغانی, ар. أحمد بن كثير الفرغاني) (болжол менен 798—861 жж.) — IX кылымдагы эң белигилүү перс окумуштууларынын бири, Орто Азиялык астроном, математик жана географ. Фергана өрөөнүнүн аймагында туулган[1]. Европада Alfraganus (Альфраганус) деген латындаштырылган ысым менен белгилүү болгон[2].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Белгилүү окумуштуунун өмүр баяны тууралуу маалыматтар дээрлик сакталган эмес. Анын так туулган жери белгисиз, бирок Alfraganus деген каймана атына караганда, Фергана өрөөнүнүн тургуну болгону белгилүү.
Аль-Фергани орто жаш курагында Багдад шаарында жашап, халиф аль-Мамун негиздеген «Даанышмандык үйүндө» (аль-Мамун академиясында) иштеген. Академияга Орто Азиянын бардык аймактарынан көрүнүктүү окумуштуулар жана илим ишмерлери чакырылган. Бул жерде астроном жана математик аль-Хорезми, физик аль-Кинди, дарыгерлер Абу Бакр ар-Рази жана Хунайн ибн Исхак да иштешкен[3].
Багдадда ошол мезгил үчүн эң мыкты аспаптар менен жабдылган эки обсерватория курулган. Алар окумуштууларга жылдыздуу асманды байкап, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Яхья ибн Абу Мансур, аль-Марварруди, Хаббаш аль-Хасиб жана Ахмад аль-Ферганиден турган астрономдор тобу «Даанышмандык үйүнүн» жетекчиси аль-Хорезминин башкаруусунда көптөгөн ачылыштарды жасаган. Алардын арасында Жер меридианынын өлчөмүн эсептөө, Жердин айланасын аныктоо, миңдеген асман телолорунун так координаталарын жана сүрөттөмөлөрүн камтыган зиждерди (жылдыз таблицаларын) түзүү болгон[4].
IX кылымдын ортосунда аль-Фергани Каир шаарына көчүп барып, өмүрүнүн аягына чейин ошол жерде жашаган.
Илимий ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Асман телолорунун жайгашуусун жана алардын ортосундагы аралыкты аныктоочу аспап — астролябияны жасоо үстүндө иштеген. Бул аспап тууралуу илимий трактат жазган. 861-жылы Каирге жакын Рауда аралындагы нилометрди калыбына келтирген.
Нилометр Нил дарыясынын суусунун деңгээлин өлчөө жана ташкындарды алдын ала божомолдоо үчүн колдонулган. Ал Асуан плотинасын долбоорлоодо пайдаланылып, бүгүнкү күнгө чейин маанисин жоготпой, Мисирдин борборунун көрүнүктүү эстеликтеринин бири болуп саналат[5].
Ачылыштары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жердин формасы шар экенин илимий негиздеген[6]
- Жылдагы эң узун жана эң кыска күндөрдүн бар экенин математикалык жактан далилдеген (22-июнь жана 23-декабрь)
- Күндөгү тактарды аныктап, 832-жылы болгон күн тутулууну алдын ала айткан
Негизги эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аль-Ферганиге араб тилинде жазылган астрономия боюнча алгачкы эмгектер жана трактаттар таандык:
- «Асман кыймылдары жана жылдыздар илиминин жыйындысы жөнүндө китеп» — анын эң белгилүү эмгеги. Бул негизинен александриялык астроном Клавдий Птолемейдин «Альмагест» эмгегине жазылган түшүндүрмө болуп саналат. Аль-Фергани бул эмгегин окуу куралы катары жазып, астрономияны илим катары жөнөкөй жана түшүнүктүү баяндаган. Ошондой эле мурунку окумуштуулардын астрономиялык эсептөөлөрүн кайра текшерип, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизген. XII кылымда бул эмгек латын тилине которулуп, Батыш астрономиясынын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.
- «Жылдыздар илиминин жыйындысы» трактаты — чыгыштан батышка карай 7 климаттык аймакка бөлүнгөн географиялык объектилердин таблицасын жана алардын так координаталарын камтыйт. Бул эмгек дээрлик бардык европалык тилдерге которулган.
- «Астрономия илиминин негиздери жөнүндө китеп»
- «Географияга киришүү»
- «Жер жүзүндөгү белгилүү өлкөлөр менен шаарлардын аталыштары жана алардын климаттык шарттары»
- «Асман сфераларынын себептери жөнүндө китеп» жана башка эмгектер.
Эскерүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1998-жылы ЮНЕСКОнун колдоосу астында окумуштуунун туулгандыгынын 1200 жылдыгы белгиленген.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Abdukhalimov, Bahrom (1999). "Ahmad al-Farghani and His "Compendium of Astronomy"". Journal of Islamic Studies 10 (2): 142–158. doi:10.1093/jis/10.2.142. ISSN 0955-2340. JSTOR 26198032. https://www.jstor.org/stable/26198032.
- ↑ "Al-Farghani." The Columbia Encyclopedia, 6th ed.. . Encyclopedia.com. 6 Dec. 2018 https://www.encyclopedia.com .
- ↑ Palmeri, JoAnn; Bolt, Marvin (2014). Biographical Encyclopedia of Astronomers. New York: Springer. ISBN 978-1-4419-9917-7.
- ↑ Sela, Shlomo (2016). "Al-Farghānī on the 48 Ptolemaic Constellations: A Newly Discovered Text in Hebrew Translation". Aleph 16 (2): 249–365. doi:10.2979/aleph.16.2.249. ISSN 1565-1525. JSTOR 10.2979/aleph.16.2.249. https://www.jstor.org/stable/10.2979/aleph.16.2.249.
- ↑ Lorch, Richard; Kunitzsch, Paul (2013-04-01). "al-Farghānī" (in en). Encyclopaedia of Islam, THREE. doi:10.1163/1573-3912_ei3_com_26973. https://referenceworks.brillonline.com/entries/encyclopaedia-of-islam-3/*-COM_26973.
- ↑ "Al-Farghānī On the Astrolabe, Richard Lorch (Ed.), in: Boethius, Band 52, Franz Steiner Verlag, Stuttgart (2005), viii + 447 pp. 80.00€, Калып:Text: 3-515-08713-3" (in en). Historia Mathematica 34 (4): 433–434. 2007-11-01. doi:10.1016/j.hm.2006.11.003. ISSN 0315-0860.