Алюминий кенташтары

Википедия дан

Алюминий кенташтары - алюминий металлын алууда пайдаланылуучу тоотектер. Жаратылышта алюминий 200ге жакын минералдын жана тоотектин курамында кездешет. Бирок алардын кээ бирөөлөрүнөн гана алюминий алынат. Алюминийдин негизги кенташы боксит. Анын курамындагы алюминий кычкылы (Al2O3) 85%ке жетет. Кенташтан адегенде алюминий оксиди, андан кийин таза алюминий электролиттик жол менен бөлүнөт. Нефелиндүү сиенит жана нефелин-апатиттүү тоотектерден, алунит, андалузит минералдарынан да алюминий алынат. Лейцит, лабродолит, анортозит жана силлиманиттүү, андалузиттүү, дистендүү сланецтер келечекте алюминий сырьёсу катары колдонулушу мүмкүн. Алюминий кенташтарынын (рудаларынын) ири кендери Россияда (Урал, Алтай жана Краснояр крайлары), Казакстанда, Америкада (Ямайка, Гайана, Суринам, Бразилия), Африкада (Гана, Гвинея), Францияда, Индияда, Норвегияда, Испания ж.б. жерлерде жайгашкан. Кыргызстанда Сандык жана Зарделек нефелиндүү сиенит кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]