Аляева Динара
| Динара Аляева | |
| | |
| Ишмердүүлүк тармагы: |
Коомдук ишмер |
|---|---|
| Туулган датасы: |
1977 жыл |
| Туулган жери: |
Теплоключенка айылы, Ысык-Көл облусу, Кыргыз Республикасы |
| Жарандыгы: | |
| Сайт: | |
| Кол тамгасы |
[[Файл:|150px]] |
Аляева Динара Умарджановна (1977-жылы төрөлгөн, Ысык-Көл облусу, Теплоключенка айылы) – Кыргызстандагы Биринчи балдар хосписинин негиздөөчүсү жана “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун негиздөөчүсү.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Динара Аляева Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Аляева көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон, ал сегизинчи бала болгон. Атасы айдоочу, апасы ашпозчу болуп иштечү[1].
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2000-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Тарых жана саясий илимдер факультетин “Социалдык-экономикалык дисциплиналар” адистиги боюнча аяктаган.
2020-жылы Бирмингем университетинин (Улуу Британия) “Health Care Policy and Management” (Саламаттык сактоо жаатындагы саясат жана башкаруу) программасына магистратурасын аяктаган. 2020-жылы Индиана университетинде (АКШ) “Fundraising School” – Каражат чогултуу боюнча мектепте тренингден өткөн.
Карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Динара Аляева окуусун аяктагандан кийин билим алган университетинде 2001-жылга чейин саясат таануу жана адам укуктары боюнча окутуучу болуп иштеген. 2006-2007-жылдары “Cenergy” эл аралык компаниясында сатуулар боюнча менеджер болуп иштеген. Бул учурда ал Лондондо жашаган. Бир нече жылдан кийин ал мекенине кайтып келген. 2011-жылдан 2012-жылга чейин Аляева “KARVEN Group” компаниясында маркетинг боюнча директор болуп иштеген.
2013-жылдын октябрынан 2015-жылдын май айына чейин “Ишеним” кредиттик бюросунда өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2014-жылдын февраль айынан азыркы учурга чейин “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун аткаруучу директору жана 2015-жылдын октябрынан азыркы учурга чейин “Биринчи балдар хосписи” коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана президенти[2].
Өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Динара Аляева студент кезинде эле Каракол шаарындагы “Лидер” жаштар уюмунун ыктыярчысы болгон. Ал жерде Динара мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кароосуз калган балдар менен иштеген. Дал ошол жерден ал эл аралык ыктыярчылар менен иштөө тажрыйбасына ээ болгон, ошондой эле ар кандай тренингдерге жана семинарларга катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Аляева көп жыл Лондондо иштеп, тил курстарына да катышып, ошол жерден эле Ак-Суу балдар үйүнө жаңы жылдык белектерди чогултуу акциясын уюштурган. Маектеринин биринде мындай деп айткан: “Кесиптештерим бул идеяны колдоп кетишти. Ошентип, бир ай бою кеңсебиз “Аяз атанын кеңсесине” айланып калган. Бул унутулгус учур болду”.
Бир нече жылдан кийин ал ушундай эле кайрымдуулук акциясын өткөргөн. Бирок бул жолу кесиптештери менен эмес, Париж-Бээжин-2010 раллисинин катышуучулары менен өткөргөн. Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар Кыргызстандагы балдардын көйгөйлөрү тууралуу кенен маалымат алышып, жаңы жылдык белектерге, кышкы кийим-кечеге 3000 фунт беришкен[3].
Кыргызстанга кайтып келгенде Динара рак менен ооруп, Түштүк Кореяда дарыланып жаткан Адиль аттуу баланын апасы Ботогөздүн окуясын окуп калат. Динара достору менен биргеликте кайрымдуулук концертин уюштурууну чечип, анын соңунда 1000 долларга жакын акча чогултуп, Түштүк Кореядагы Адилдин апасына жөнөтүшкөн. Муну менен эле токтоп калбастан, Динара рак менен ооруган балдарга жардам берген немис фондуна кайрылууну чечет. Бул фонд да Адилге жардам берген. Ушундай окуялардын чынжыры аны Бишкектеги Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө жетелеп келет. Бул бөлүмдө ыктыярчы катары иштеп жүрүп, 2014-жылы Динара “Жардам берүү оңой” коомдук фондун ачууну чечкен.
2014-жылы «Жардам берүү оңой» фондун негиздеп, 2022-жылга чейин фонддун аткаруучу директору кызматын аркалаган. Балдар онкологиясындагы көйгөйлөрдү коргогон үч жылдын ичинде ал айкын натыйжаларга жетишти: балдар онкологиясында жетекчинин кызматын кыянаттык менен пайдалануу боюнча жогорку резонанстуу иликтөө жүргүзүлүп, дарыгерлердин штаты 10 эсеге көбөйтүлдү. Балдар онкологиясы боюнча чет элдик эксперттер менен кызматташуу түзүлгөн; Дары-дармектерди сатып алууга бюджеттен каржылоо көбөйдү. Динара Аляева рак оорусу менен ооруган балдарга процедураларды наркоздоо маселесин көтөрдү. Балдар үчүн тамчылатылган морфин катталган. Рак оорусу менен ооруган балдардын ата-энелери биринчи жолу балдарынын наркоз алуу укугу жөнүндө, ар бир процедура ата-энеси менен макулдашылышы жана макулдугу алынышы керектигин билишти. [4]
Анын активдүү позициясынын жана ишинин аркасында, Кыргызстандагы балдар онкологиясы биринчи жолу дүйнө жүзү боюнча эл аралык клиникалар менен активдүү кызматташа баштады: Шарите клиникасы, Германия, Дмитрий Рогачев атындагы Балдар гематологиясы, онкология жана иммунология улуттук медициналык изилдөө борбору, Россия Федерациясы, Сент-Иуда балдар ооруканасы, АКШ. 2016-жылы Кыргызстанда онкологиялык оорулуулар үчүн аспарагеназа дарысынын кымбаттыгы тууралуу журналисттер үчүн пресс-конференция уюштуруп, Кыргызстанда бир ампуласы 24 000 сом, Казакстанда 4000 сомдон сатылып жатканын билдирди. Монополияга Каршы Комитет тарабынан эки жуманын ичинде дарыканалардагы дары-дармектердин баасы 5 эсеге төмөндөтүлдү.
Рак оорулуулары дарылогоо линейный ускоритель сатып алуу боюнча улуттук кампания баштап жүргүздү, анын натыйжасында өлкөдөгү рак оорулуулар үчүн 10 миллион АКШ доллар баада зарыл жабдуулар алынды.
Аляева демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен Россия Федерациясынын «Үйрөт жана бил» долбоорунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошентип, Бишкек жана Ош шаарларында балдар онкология бөлүмдөрүндө Оорукана мектептери ачылды.
Динара Аляева Биринчи балдар хосписин 2015-жылдын октябрь айында ачкан. Хоспис кайрымдуу адамдар берген каражаттын эсебинен иштеп жаткан. Бул хоспис оорулуу балдардын өмүрүнүн аягында жардам кам көрүп, алардын ата-энелерине ар тараптуу жардам көрсөтүп турган[5].
Биринчи балдар хосписи Динаранын командасы ижарага алган чакан имаратта жайгашкан эле. Рижская көчөсүндөгү ал үйдө төрт эле бөлмө бар болчу: балдарга орун жетпей, имараттын өзү төшөктө жаткан бейтаптарды кароого ылайыктуу эмес эле. Динара Аляева муниципалитетке кайрылып, балдар хосписин уюштурууга жай бөлүп берүүнү өтүнгөн.
2016-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын мэриясы “Биринчи балдар хосписи” кайрымдуулук фондуна жай бөлүп берген[6].
2016-жылы “Спутник-Кыргызстандын” рейтинги боюнча Динара Аляева өлкөдөгү эң таасирдүү 20 коомдук ишмердин тизмесине кирген[2].
2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Ачык өкмөт өнөктөштүгүнүн мүчөсү. 2019-жылы Улуу Британия өкмөтүнөн престиждүү Чивнинг стипендиясын алды. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Грамотасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчылыгынын ордени менен сыйланган.
Интернеттеги булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстанда катуу оорулуу жана өлүм алдында жаткан адамдар үчүн хоспис ачылат // https://kloop.kg/blog/2016/10/06/v-kyrgyzstane-poyavitsya-hospis-dlya-tyazhelobolnyh-i-umirayushhih-lyudej/ Эльдос Казыбеков – 2016-жылдын 6-октябры
Көп түкүрсө, көл болот: Активист акча чогултуп, Кыргызстанга ракты дарылоочу аппарат сатып алууну сунуш кылууда // https://ru.sputnik.kg/20160510/1025100719.html 10.05.2016 (жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Линиялык тездеткичти сатып алуу. Кыргызстандыктар чогулткан акча эмнеге жумшалат?// https://ru.sputnik.kg/20180712/linejnyj-uskoritel-dengi-kyrgyzstan-1040151282.html 12.07.2018 (жаңыртылды: 19:44 15.12.2021)
Жээнбеков 40 жарандык активист менен жолугушат. Сүрөттөр жана тизме // https://ru.sputnik.kg/20180719/kyrgyzstan-zhehehnbekov-grazhdanskij-sektor-1040248421.html 19.07.2018 (жаңыртылды: 19:44 15.12.2021)
Саламаттык сактоо министрлиги онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн линиялык тездеткичтерди ишке киргизди. Аппараттар 2020-жылдын күз айларынан бери иштебей турган // https://kloop.kg/blog/2021/07/07/minzdrav-zapustil-linejnye-uskoriteli-dlya-lecheniya-onkobolnyh-apparaty-prostaivali-s-oseni-2020-goda/ Ислам Розиев – 2021-жылдын 7-июлу
Минобразования Кыргызстана создаст образовательную среду для тяжелобольных детей - Новости Кыргызстана
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Динара Аляева. Между жизнью и жизнью. http://bishkekchanka.kg/article/dinara-alaeva-mezdu-ziznu-i-ziznu Archived 2020-02-17 at the Wayback Machine
- 1 2 Динара Аляева. https://apake.kg/ru/about/6/
- ↑ Динара Аляева: «Те дети, которых уже не спасти, все равно нуждаются в помощи» https://womo.ua/dinara-alyaeva/
- ↑ Аляева: на лекарства для онкобольных детей нужно 30 миллионов сомов в год - 22.06.2018, Sputnik Кыргызстан
- ↑ В Кыргызстане появится хоспис для тяжелобольных и умирающих людейhttps://kloop.kg/blog/2016/10/06/v-kyrgyzstane-poyavitsya-hospis-dlya-tyazhelobolnyh-i-umirayushhih-lyudej/ От Эльдос Казыбеков -06 октября 2016
- ↑ В Бишкеке открылся Первый Детский хоспис https://www.meria.kg/ru/post/14716 Archived 2022-02-16 at the Wayback Machine