Амаль мунай кени
Амаль мунай кени ― дүйнөдөгү эң ири мунай кендеринин бири. Ливиянын түндүк-чыгышында, Сахара-Чыгыш Жерортолук деңиз мунай-газ бассейнинде жайгашкан. 1959-ж. ачылып, 1964-жылдан казып алынат. Мунайлуу аймактын аянты 800 км2дей. Мунайдын баштапкы өндүрүп алуу запасы 600 млн т. Мунай Сирт синеклизасынын чегиндеги ири антиклиналдык көтөрүлүүгө топтолгон. Ал кембрий-ордовиктин 3020 м тереңдикте жаткан кумдук тоотек катмары менен байланышкан. Мунайдын тыгыздыгы 845 кг/м3.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1