Урмат Аманбаева

Википедия дан
Аманбаева Урмат Абдилашимовна‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аманбаева Урмат Абдилашимовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты, «Республика» партиясынан мүчөсү.
1966-жылы 23-мартта Ош областына караштуу Кара-Кулжа районун Көңдүк айылында туулган.Жогорку билимдүү. Улуту-кыргыз.19721982-ж.ж. Көңдүк орто мектебин бүтүргөн. 1982—1983-ж.ж. Ош соода техникуму, бухгалтер адистигин бүтүргөн. 19831987-ж.ж. КМУУ Экономика факультети, экономист адистигин аяктаган. 20032005-ж.ж. КМЮА Юридика факультети, юрист адистигин бүтүргөн.

Үй- бүлөлүү, эки кыздын энеси.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1983—1987-ж.ж. Фрунзе заводу, нормировщица.
1988—1995-ж.ж. Бишкек шаарындагы Жаш Көрүүчүлөр Театры, башкы бухгалтер.
1995—2000-ж.ж. Ош шаарындагы Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери үчүн атайын ооруканасы, башкы бухгалтер.
2000—2004-ж.ж. Ош облустук кургак учука каршы балдар ооруканасы, башкы бухгалтер.
2004-жылдан 2010-жылдын ноябрына чейин Ош облустук кургак учука каршы күрөшүү борбору, башкы бухгалтери болгон.
1992—2005-ж.ж. Ош шаарындагы «Ак Шумкар» өндүрүштүк-коммерциялык ишканасы, башкы бухгалтер, экономикалык маселелер боюнча орун басары болгон.
2005-жылдан 2010-жылдын ноябрына чейин «УНГа» компаниясы, башкы директор болгон.
2010-жылдын 10-ноябрында «Республика» партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Жасаган эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жыл өзү туулуп өскөн Көңдүк айылына өзүнүн каражатынын эсебинен «Аманбай-Ата» атындагы мечит курдуруп берген.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын түштүк аймагына биринчи болуп жаңылык киргизип, Ош шаарына «Кышкы-Жайкы» муз аянтчасын курдурган.
2000-жылдан тартып Ош шаарындагы «Алтын Уя» жетим балдар үйүн өзүнүн жетекчилигине алып ар тараптуу жардамдарын көрсөтүп келүүдө.
Ошондой эле башка да карылар үйлөрүнө, жетим балдар интернаттарына колунан келген ар тараптуу жардамдарын берип келүүдө.
Бүгүнкү күндө «УНГа» компаниясында 250 дөн ашуун жумушчу оорундарын түзүп, Ош облусунун жана Ош шаарынын калкын жумуш менен камсыз кылууда.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]