Аманкулова Талчакан

Википедия дан

Аманкулова Талчакан (1954-ж. т., Кызылжазы айылы, Токтогул району) - Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. Биология илимдеринин кандидаты.

1977-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1977-79-ж. Токтогул районунун Комсомол атындагы орто мектебинде мугалим, 1979-82-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда лаборант, 1982-83-ж. Москва мамлекеттик университетинде стажерокутуучу, 1984-87-ж. ошол эле жерде аспирантураны аяктаган. 1987-93-ж. Ош мамлекеттик университетинде доцент, 19932000-ж. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде доцент, биология кафедрасынын башчысы. 2000-жылдан ЖАМУнун агрардык-биологиялык факультетинин деканы. 80 ден ашуун илимий, илимий-методикалык эмгектердин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5