Аманкулов Мирослав Акалович

Википедия дан

Аманкулов Мирослав Акалович (1960-ж. туулган, Кочкор району, Чолпон кыштагы) - мамлекеттик жетекчи кызматкер, Токой чарбасынын генералы.

  • Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси чинин алган.
  • Украина айыл Чарба академиясын (1983), Кыргыз мамлекеттин университетин бүтүргөн (1996).
  • Жумгал токой чарбасында инженер (1983-85), Нарын токой чарбасынын директорунун орун басары (1985-87), Кыргызстан ЛКЖС Нарын обкомунда уюштуруу бөлүмүнүн инспектору (1987-89), Жумгал ЛКЖС райкомунун 1-катчысы, Жумгал райондук кеңешинин төрагасынын 1-орун басары (1989-90), Нарын токой чарбасынын инспектору (1990-91), Нарын облустук кеңешинин референти (1991-92), Жумгал токой чарбасынын директору (1992-96) болуп эмгектенген.
  • Ал 1996-2001-ж. ЖалалАбад токой чарбасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын президентинин (2001-04) жана өкмөтүнүн аппаратында эксперт (2004-05), Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар секторунда башчы болгон.
  • Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы иш башкармалыгына караштуу «Ысык-Көл» мейманкана-соода комплексинин башчысы (2005-08), Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими болгон (2008).
  • Учурда жеке шпкерлик менен эмгектенет.
  • Теги суусамырлык, токтор уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9