Америкалык Виргин аралдары
Америкалык Виргин аралдары | |||||
| |||||
Урааны: «United in Pride and Hope» | |||||
Гимн: «Америкалык Виргин аралдарынын гимни» | |||||
![]() | |||||
Расмий тили | англис тили | ||||
Борбор шаары | Шарлотта-Амалия | ||||
Ири шаарлар | Шарлотта-Амалия | ||||
Башкаруу формасы | АКШнын ээлиги | ||||
Президент Губернатор |
Дональд Трамп Альберт Брайан | ||||
Мам. дини | динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
133,73 км² 1 | ||||
Калкы • Бааланган (2020) • Жыштыгы |
87 146 адам 653,6 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2019) |
38 136 $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
4068 $ $ | ||||
АДӨИ | ▲0,892 (жогору) (31-орун) | ||||
Акча бирдиги | АКШ доллары | ||||
Домени | .vi | ||||
ISO коду | VI | ||||
ЭОК коду | ISV | ||||
Телефон коду | +1-340 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC UTC−04:00 |
Виргин аралдары (Америкалык Виргин аралдары, англ. United States Virgin Islands, Кошмо штаттардын Виргин аралдары, англ. Virgin Islands of the United States) — Кариб деңизиндеги аралдар тобу, АКШнын инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймагы.
Аянты — 346,36 км², калкы — 106 000 адам (2020)[1]. Эң чоң үч аралдары — Сент-Томас, Сент-Жон жана Сент-Круз.
Географиялык жактан Виргин аралдарынын бир бөлүгү болуп саналат.
Америка Кошмо Штаттары бул аралдарды 1917-жылдын 17-январында Даниялык Вест-Индиядан 25 миллион АКШ долларына сатып алган. Сатып алуу келишимине тиешелүү бардык документтер 1917-жылдын 31-мартында толук бүткөрүлгөн[2]. 1954-жылга чейин бул аралдар АКШнын Ички иштер министрлигинин башкаруусунда болгон. Аралдардын жашоочулары АКШнын жарандары деген макамга ээ. Америка Кошмо Штаттарынын башка аймактарындагыдай эле, Виргин аралдары өкүлдөр палатасындагы талкууларга катыша алган, бирок добуш бере албаган делегатты шайлайт[3].
Аралдардагы негизги экономикалык багыты — туризм жана кызмат көрсөтүү.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Виргин аралдарынын биринчи тургундары сибонейлер, карибдер жана аравактар болгон. Окумуштуулардын маалыматтарына ылайык бул элдер аралдарга б.з.ч. 1000-жылдары отуруташа башташкан[4][5]. 1493-жылы аралды Христофор Колумб ачкан жана аралдарга азыркы атылышын берген[5].
1625-жылы дыйканчылык менен алектенген англис жана француз колонизаторлору аралдарга отурукташкан. Кийин арал Улуу Британиянын, Испаниянын, Франциянын жана Мальта орденинин ээлигинде болгон[5].
1666-жылы Дания Сент-Томас аралын ээлеп, көп өтпөй Сент-Жон аралын басып алган. Дания 1733-жылы Франциядан Санта-Круз аралын сатып алган. Даниялыктар Сент-Томасты айыл чарба багытында колдонууга аракет кылышкан, бирок жердин түшүмдүүлүгү аз болгондуктан, бул иштер ийгиликсиз аяктаган жана ррал ром жана кул сатуу борборлорунун бирине айланган.
Сент-Томас аралындагы порт деңиз каракчылардын базасына айланган. Санта-Круз аралынын топурагы түшүмдүү болгондугуна байланыштуу бул аралда 200 жакын кант камышынын плантациялары түзүлгөн[6].
1848-жылы кара кулдардын көтөрүлүшү, Даниянын Вест-Индиясынын генерал-губернатору Петер фон Шольтендин эмансипация мыйзамын жарыялоого алып келген. Бирок, кулдардын 20% гана эркиндикке жетип, калган 80% плантацияларда оор шарттарда иштөөнү улантышкан[6].
XX кылымдын башында Санта-Круста кант өндүрүүнүн темпи төмөндөп, 1917-жылдын жазында Даниянын Вест-Индия аралдары АКШга 25 миллион АКШ долларына же 87 миллион дания кронуна сатылган. Бул сумма ошол учурдагы Дания Падышачылыгынын жылдык бюджетинин жарымы эле[6]. Бул окуядан кийин көптөгөн европалыктар өз мүлктөрүн таштап, Данияга кетишкен. Аралдарда калган тургундарга 1927-жылы АКШнын жарандыгы берилген.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]




Америкалык Виргин аралдары үч негизги аралдан — Сент-Крус, Сент-Томас жана Сент-Жон жана 50дөн ашык майда аралдардан турат. Жалпы жер аянты 346 км², ал эми суу мейкиндиги 1,564 км² түзөт. Аралдардын эң бийик жери — Сент-Томастагы бийиктиги 474 метрге жеткен Краун-Маунтин тоосу[7].
Сент-Крус — эң чоң жана түштүк тарапта жайгашкан арал, ал калган негизги аралдардан болжол менен 64 км алыстыкта орун алган. Сент-Томас жана Сент-Жон түндүк тарапта, Атлантика океаны менен Кариб деңизинин кесилишкен жеринде жайгашкан. Аралдардын жээк сызыгынын жалпы узундугу 188 км түзөт.
Рельефи негизинен тоолуу жана дөңсөөлүү, көпчүлүк аралдар вулкандык тектен пайда болгон. Сент-Томас менен Сент-Жондун аймактары көбүнчө тоолуу, ал эми Сент-Крус салыштырмалуу тегиз жана жапыз жерлерден турат. Аралдар Түндүк Америка жана Кариб тектоникалык плиталарынын чек арасында жайгашкандыктан, сейсмикалык жактан активдүү аймак болуп саналат[8].
Америкалык Виргин аралдарында тропикалык токойлор, кургакчыл аянттар жана ак кумдуу жээктер кездешет. Сент-Жон аралынын жарымынан көбү жана Хассел аралынын дээрлик бүт аймагы АКШнын Улуттук парк кызматы тарабынан корголот. Бул аймактарда бир нече улуттук парк жана коруктар жайгашкан, алардын эң белгилүүлөрү — Virgin Islands National Park жана Buck Island Reef National Monument.
Аралдардын жээк займактары коралл рифтери, лагуналар жана мангр токойлору менен курчалган. Суу ресурстары чектелүү: табигый таза суу булактары дээрлик жокко эсе. Ошондуктан тургундардын жана туристтердин суу керектөөсү негизинен жаан суусун чогултуу жана түздуу сууну тузсуздандыруу технологиялары аркылуу камсыздалат.
Америкалык Виргин аралдарынын кургактык аркылуу өткөн чек аралары жок. Бирок 22,2 км чейинки деңиз аймагы жана 370 км чейинки өзгөчө экономикалык аймагы бар. Бул аймактарда балык уулоо жана башка деңиз ресурстарын пайдалануу укуктары АКШнын юрисдикциясына таандык.
Аралдар тропикалык деңиз климатына ээ. Температура жыл бою туруктуу: орточо күндүзгү аба температурасы жайында 32–33°C, кыш мезгилинде 29–30°C чамасында болот. Жылдык жаан-чачындын орточо көлөмү 965 ммди түзөт. Эң нымдуу мезгил сентябрдан ноябрга чейин, ал эми эң кургакчыл мезгил февралдан мартка чейинки убактарда байкалат. Аралдар тропикалык бороон-чапкындарга кабылышы мүмкүн, өзгөчө июндан ноябрга чейинки мезгилде бороон-чапкындар болуп турат[9].
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акча бирдиги АКШ доллары.
Ички дүң продукциясы 2,5 млрд АКШ долларын (киши башына бөлүштүргөндө 17,2 миң АКШ доллары, 2002-жыл) түзөт. ИДПде тейлөө чөйрөсү 80%ти түзүп, эмгекке жарамдуу калктын 80% ушул чөйрөдө, 19% өнөр-жай менен курулушта эмгектенет. Экономикасынын негизин чет өлкөлүк туризм түзөт (ИДПнин 70%). Жыл сайын 2 миллионго жакын турист келет (негизинен АКШдан). Аралдарда көптөгөн кооз жээктер бар. Бул жерлер туристтер үчүн популярдуу багыттар болуп саналат. Ошондой эле, аралдарда дайвинг, снорклинг жана башка суу спорттору үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Офшордук кызмат көрсөткөн банк-финансы сектору тез темп менен өнүгүүдө[10].
Өнөр жай ишканалары негизинен Санта-Крус аралдарында жайгашкан. Мунай ажыратуучу жана глинозём ири заводдору, электрондук аспаптар, пластмасса, медикаменттер, кездеме, импортолуп алынып келинген компоненттерден саат жасоочу өнөр-жайлары иштейт. Кол өнөрчүлүк, негизинен жыгачтан буюм жасоо жакшы өнүккөн.
Азык-түлүк негизинен сырттан алынат. Аймагынын 12% айдоо аянттары, 3% көп жылдык өсүмдүктөр ээлейт. Ак жүгөрү, кант камышы, жашылча жана жемиштер өстүрүлөт. Санта-Крус аралдарында мал асыралат.
Автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 1,26 миң км. Ири порттору Кристианстед, Фредерикстед (Санта-Крус аралдарында), Шарлотта-Амалия (Сент-Томас аралдарында), Крус-Бей (Сент-Жон аралдарында). Паром аркылуу Британиялык Виргин аралдары менен байланышат. Эки эл аралык аэропорту бар.
Сырткы соодасын АКШ жана Пуэрто-Рико менен жүргүзөт. Сыртка негизинен мунай продукциясын чыгарат. Сырттан чийки мунай, азык-түлүк, күндөлүк керектелүүчү товарларды жана курулуш материалдарын алат.
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]АКШнын Виргин аралдары — Америка Кошмо Штаттарына караштуу аймак болуп саналат, бул аралдар АКШнын федералдык мыйзамдарына жана башкаруусуна баш ийет. Ошол эле учурда, Виргин аралдарынын өз алдынча жергиликтүү өкмөтү бар, ага губернатор жана аймактык мыйзам чыгаруучу орган кирет.
АКШнын Виргин аралдарынын өкмөтү үч бутакка бөлүнөт: аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги жана сот бийлиги. Аткаруу бийлигинин башчысы — губернатор, ал министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындайт. Мыйзам чыгаруу бийлиги он беш сенатордон турат, алар эл тарабынан шайланып, төрт жылдык мөөнөткө кызмат кылышат. Сот бийлигине Жогорку сот жана Жогорку даражадагы сот кирет.
АКШнын Виргин аралдары менен федералдык өкмөтүнүн ортосундагы мамиле татаал. Аралдар АКШнын курамына киргени менен, штаттар сыяктуу Конгрессте толук өкүлчүлүккө ээ эмес. Анын ордуна, Виргин аралдары Конгрессте добуш берүү укугу жок өкүл аркылуу көрсөтүлөт.
АКШнын федералдык мыйзамдары жана саясаттары Виргин аралдарына колдонулат, бирок айрым өзгөчөлүктөр бар. Виргин аралдарында жашоо деңгээлинин айырмасына байланыштуу, минималдык эмгек акы федералдык деңгээлден төмөн. Аралдардын өзүнчө салык системасы бар жана федералдык киреше салыгын төлөбөйт.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Америкалык Виргин аралдары үч округдан турат, округдар өз кезегинде райондорго бөлүнөт. Райондордун жалпы саны — 20.
№ | Округдун аталышы | Административдик борбору | Райондорунун саны | Аянты,
км² |
Калкы,
адам (2010) |
Калкынын жыштыгы,
адам/км² |
Райондун № | Райондун аталышы |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
1 | Санта-Крус | Кристианстед | 9 | 214,66 | 50 601 | 235,73 | 1 | Аннас Хоуп Виллаж (англ. Anna's Hope Village) |
2 | Кристианстед (англ. Christiansted) | |||||||
3 | Ист Энд (англ. East End) | |||||||
4 | Фредерикстед (англ. Frederiksted) | |||||||
5 | Нортсентрал (англ. Northcentral) | |||||||
6 | Нортвест (англ. Northwest) | |||||||
7 | Сион Фарм (англ. Sion Farm) | |||||||
8 | Саутсентрал (англ. Southcentral) | |||||||
9 | Саутвест (англ. Southwest) | |||||||
2 | Сент-Томас | Шарлотта-Амалия | 7 | 80,91 | 51 634 | 638,17 | 1 | Шарлотта Амали (англ. Charlotte Amalie) |
2 | Ист Энд (англ. East End) | |||||||
3 | Нортсайд (англ. Northside) | |||||||
4 | Саутсайд (англ. Southside) | |||||||
5 | Туту (англ. Tutu) | |||||||
6 | Уотер Айленд (англ. Water Island) | |||||||
7 | Уэст Энд (англ. West End) | |||||||
3 | Сент-Жон | Крус-Бей | 4 | 50,79 | 4170 | 82,10 | 1 | Сентрал (англ. Central) |
2 | Корал Бей (англ. Coral Bay) | |||||||
3 | Круз Бей (англ. Cruz Bay) | |||||||
4 | Ист Энд (англ. East End) | |||||||
Жалпы | 20 | 346,36 | 106 405 | 307,21 |
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2020-жылы эл каттоодо Америкалык Виргин аралдарынын калкынын саны 87,146 адам болгон, бул 2010-жылга салыштырмалуу 18,989 адамга же -18,1% төмөн[1]. Аралдардагы калктын жыштыгы салыштырмалуу жогору — бир чарчы км 600 ашык адам туура келет жана адамдардын негизги саны Сент-Томас жана Сент-Крус аралдарында отурукташкан.
Виргин аралдарынын тургундарынын орточо жаш курагы 44 жашты түзөт. Эркектер менен аялдардын саны дээрлик тең. Калктын курактык курамы АКШнын башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу бир аз улуу: орточо жаш курагы жогору адамдардын жана 18 жашка чейинки балдардын үлүшү аз.
Аралдардын калкынын расалык курамы ар түрдүү. 2020-жылдагы каттоого ылайык, калктын эң ири бөлүгүн — болжол менен 76% — өздөрүн кара түстүү же афроамерикалык катары атагандар түзөт. Экинчи орунда аралаш тектүү адамдар — болжол менен 12%, андан кийин европалыктардын тукумдары — болжол менен 7%.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 2020 Island Areas Censuses: U.S. Virgin Islands
- ↑ CIA. The World Factbook. Virgin Islands
- ↑ Arnold H. Leibowitz. Defining status : a comprehensive analysis of United States territorial relations
- ↑ Isaac Dookhan. A History of the Virgin Islands of the United States
- ↑ 5.0 5.1 5.2 Britannica. United States Virgin Islands
- ↑ 6.0 6.1 6.2 Палудан Х., Ульсиг Э., Расмуссен К.П., Бонцеруп Г., Петерсен Э.С., Поульсен Х. Даниянын тарыхы
- ↑ WorldAtlas. Виргин аралдары
- ↑ VInow. Америкалык Виргин аралдарынын географиясы
- ↑ Виргин аралдарынын Өкмөтү. География
- ↑ Bureau of Economic Research. U.S. Virgin Islands Economic Review
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түндүк Америка өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | ![]() |
Көз каранды аймактар | Америкалык Виргин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британиялык Виргин аралдары • Испаниялык Виргин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери |