Америка Кошмо Штаттары (АКШ)

Wikipedia дан
(Америка Кошмо Штаттары барагынан багытталды)

Америка Кошмо Штаттары (АКШ)

Flag of the United States (Pantone).svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Мамлекеттик Гимни
Missing map.svg
Эгемендүүлүк күнү 4-июль 1776-жылы
Расмий тилдери {{{Тилдери}}}
Ири шаарлар {{{Ири шаарлар}}}
Башкаруу формасы Президенттик республика
{{{Башчыларынын милдеттери }}} {{{Башчылары}}}
ИДП
  • Бардыгы (2011)
   • Ар бир жанга

15,094 трлн. $
{{{ИДП ар бир жанга}}} $
Акча бирдиги АКШ доллары
Телефон коду +1

Америка Кошмо Штаттары (United States of America, USA), АКШ - Түндүк Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Канада, түштүк-чыгышынан Куба (Гуантанамо аскер базасы), түштүк-батышынан Мексика менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан, түштүгүн Мексика булуңу чулгайт. Аянты 9,4 млн км2. Калкы 314,5 млн (2012). Борбору - Вашингтон шаары. Мамлекеттик тили - англис тили. Акча бирдиги - АКШ доллары. Адм.-айм. жактан 50 штаттан, штат укугун алган өзүнчө Аляска, Гавайи штаттарынан жана Колумбия федерация (борбордук) округунан турат . АКШнын ээликтери: Вест-Индиядагы Виргиния аралы., Чыгыш Самоа, Гуам жана Океаниядагы бир топ майда аралдар. АКШнын убактылуу «опекасында» Тынч океандагы Каролина, Мариана жана Маршалл аралдарынан турат. 1903-жылдан бери Панамага таандык Панама каналынын зонасы АКШнын ижарасында.

АКШнын штаттары:

Штаттары

Аянты, миң км2 (1996)

Калкы, млн киши (1996)

Админ. борборлору

Айдахо (Idaho)

216

1,2

Бойсе (Boise)

Айова (Iowa)

146

2,9

Де-Мойн (Des Moines)

Алабама (Alabama)

133,9

4,3

Монтгомери (Montgomery)

Аляска (Alaska)

1523

0,6

Жуно (Juneau)

Аризона (Arizona)

295

4,4

Финикс (Phoenix)

Арканзас (Arkansas)

138

2,5

Литл-Рок (Little Rock)

Батыш Виргиния (West Virginia)

62,6

1,8

Чарлстон (Charleston)

Вайоминг (Wyoming)

253,4

0,5

Шайенн (Cheyenne)

Вашингтон (Washington)

176,5

5,5

Олимпия (Olympia)

Вермонт (Vermont)

24,9

0,6

Монтпильер (Montpelier)

Виргиния (Virginia)

105,2

6,7

Ричмонд (Richmond)

Висконсин (Wisconsin)

169,6

5,2

Мадисон (Madison)

Гавайи (Hawaii)

16,7

1,2

Гонолулу (Honolulu)

Жоржия (Georgia)

152,6

7,4

Атланта (Atlanta)

Делавэр (Delaware)

5,3

0,7

Довер (Dover)

Иллинойс (Illinois)

150

11,9

Спрингфилд (Springfield)

Индиана (Indiana)

94

5,8

Индианаполис (Indianapolis)

Калифорния (California)

411

31,9

Сакраменто (Sacramento)

Канзас (Kansas)

213,1

2,56

Топика (Topeka)

Кентукки (Kentucky)

104,6

3,9

Франкфорт (Frankfort)

Колорадо (Colorado)

270

3,8

Денвер (Denver)

Коннектикут (Connecticut)

12,9

3,3

Хартфорд (Hartford)

Луизиана (Louisiana)

125,6

4,4

Батон-Руж (Baton Rouge)

Массачусетс (Massachusetts)

21,4

6,1

Бостон (Boston)

Миннесота (Minnesota)

225,2

4,7

Сент-Пол (St. Paul)

Миссисипи (Mississippi)

123,5

2,7

Жэксон (Jackson)

Миссури (Missouri)

180,5

5,4

Жефферсон-Сити (Jefferson Sity)

Мичиган (Michigan)

250,5

9,6

Лансинг (Lansing)

Монтана (Montana)

380,8

0,9

Хелина (Helena)

Мэн (Maine)

85,8

1,2

Огаста (Augusta)

Мэриленд (Maryland)

27,1

5,07

Аннаполис (Annapolis)

Небраска (Nebraska)

200,3

1,7

Линкольн (Lincoln)

Невада (Newada)

286,4

1,6

Карсон-Сити (Carson City)

Нью-Жерси (New Jersey)

20,2

8

Трентон (Trenton)

Нью-Йорк (New York)

137,3

18,2

Олбани (Albany)

Нью-Мексико (New Mexico)

315

1,7

Санта-Фе (Santa Fe)

Нью-Хемпшир (New Hampshire)

24

1,2

Конкорд (Concord)

Огайо (Ohio)

116,1

11,2

Колумбус (Columbus)

Оклахома (Oklahoma)

181,1

3,3

Оклахома-Сити (Oklahoma City)

Орегон (Oregon)

251,2

3,2

Сейлем (Salem)

Пенсильвания (Pennsylvania)

118,5

12,1 (1994)

Харрисберг (Harrisburg)

Род- Айленд (Rhode Island)

3,2

1,0

Провиденс (Providence)

Түндүк Дакота (North Dakota)

183

0,7

Бисмарк (Bismarck)

Түндүк Каролина (North Carolina)

136,4

7,3

Роли (Raleigh)

Теннесси (Tennessee)

109,2

5,3

Нашвилл (Nashville)

Техас (Texas)

691,2

19

Остин (Austin)

Түш. Дакота (South Dakota)

199,7

0,7

(1994)

Пирр (Pierre)

Түш. Каролина (South Carolina)

80,6

3,7

Колумбия (Columbia)

Флорида (Florida)

152

14,4

Таллахасси (Tallahassee)

Юта (Utah)

219,9

2

Солт-Лейк-Сити (Salt Lake City)

Колумбия (Columbia) округу (борб.)

0,2

0,5

Вашингтон (Washington)


Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШ - федерациялык мамлекет. АКШнын Конституциясы 1787-ж. 17-сентябрда кабыл алынып, 1789-ж. 4-мартта күчүнө кирген. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент; ал ошондой эле куралдуу күчтөрдүн да башкы командачысы. Президент жана вице-президент эки баскычтуу шайлоо менен 4 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - Конгресс, ал 2 палатадан – өкүлдөр (435 депутат 2 жылга шайланат) жана сенаттар палаталарынан (ар бир штаттан 2ден сенатор 6 жылга шайланат) турат. Сенаттын курамынын үчтөн бир бөлүгү ар 2 жылда жаңыртылат. Өкүлдөр палатасынын укугу сенаттан кененирээк. Ар бир штат өз конституциясына, мыйзам чыгаруу (легислатура) жана аткаруу органдарына ээ. Штаттарды башкаруу губернаторлор тарабынан ишке ашырылат. АКШда негизинен эки партиялуу система орун алган: Демократиялык (1828) жана Республикалык (1854) партиялар. Мындан сырткары Коммунисттик ж. б. саясий партиялар да бар.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШнын аймагынын 1/2ин (дээрлик батыш бөлүгүн) Түндүк Америка Кордильерасынын бийик кырка жана бөксө тоолору, платолор ээлейт. Кордильеранын чыгыш чет жакасын бийиктиги 4000 мден ашкан Аскалуу тоолору, батышын Тынч океанды бойлой жайгашкан Жээк кырка тоолору түзөт. АКШнын эң бийик жери (6193 м) - Мак-Кинли чокусу Аляска кыркатоосунда. Чыгышын Аппалачи тоолору (бийиктиги 2037 м) ээлейт. Кордильера менен Аппалачинин аралыгында жазы - Борбордук түздүктөр (бийиктиги 500 мге чейин), Улуу түздүктөр (бийиктиги 1600 мге чейин), түштүктө Жээк түздүктөрү Мексика бою ойдуңу, Атлантика бою ойдуңу (Флорида жарым аралы кошо) орун алган. АКШнын аймагынын, ошондой эле жалпы материктин эң чуңкур жери - Чоң Бассейндеги (Мохаве чөлүндөгү) Ажал өрөөнү, ал деңиз деңгээли - 86 м төмөн жайгашкан. АКШ табигый ресурстарга бай: көмүр, жез (өндүрүшү боюнча дүйнөдө 2-орунда), темир, сымап, күмүш, алтын, никель, цинк (дүйнөдө алдыңкылардын бири), вольфрам, уран, фосфат, нефть жана табигый газ (казып алынуусу боюнча дүйнөдө 2-орунда), жыгач даярдоо.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Мелүүн жана субтропиктик континенттик климат басымдуу; Флорида жарым аралына тропиктик, Аляскага мелүүн субарктикалык климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы Аляскада -24,8°С, Борбордук түздүктөрдүн түндүгүндө -18°С, өлкөнүн түштүк-батышында -12°С, Флорида жарым аралында 20 Сге чейин. Июлдун орточо температурасы батыш жээктеринде 14-22°С, чыгышында 1626°С, ички платолор менен бөксө тоолордун түштүгүндө 32°С. Өлкөнүн, ошондой эле бүт материктин эң ысык жана кургакчыл жери да Мохаве чөлүндөгү Ажал өрөөнү, анда абанын абсолюттук максимуму 57,7°С катталган; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 50-100 мм. Жаан-чачын чыгышында жана түндүк-батыш жээк тилкелеринде 1000-2000 түздүктөрдө 600-900 мм,Улуу түздүктөрдө 400-600 мм, ички бөксө тоолор менен платолордо 400 ммден, айрым жерлеринде 100 ммден аз (Мохаве чөлүндө) жаайт. Ири дарыялары: Миссисипи жана анын куймалары Миссури, Огайо, Колумбия, Колорадо, Юкон. Миссисипинин сол куймаларынын суусу мол, көп жерлерде кеме жүрөт, гидроэнергия ресурстарына бай. Оң куймаларынын суусу аз, агымы шар. Өлкөнүн түндүк-чыгышында Улуу көлдөр системасы (жарым-жартылайы Канадада) жайгашкан.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Аппаличинин этектеринде, Улуу көлдөрдүн аймагында үстөмдүк кылган чымдак-күл жана токойдун коңур топурактары түштүк штаттардын аймактарында кызыл жана сары топурактар менен алмашат. Борбордук түздүктөрдүн батышында прерийдин күрдүү каралжын, Улуу түздүктөрдө кара жана каштан, 38° Түндүк кеңдиктен түштүктү карай күрөң жана бозомук-күрөң, Кордильеранын ички плато, бөксөтоолорунда жарым чөлдүн коңур жана субтропиктик чөл топурактары өөрчүгөн. Түздүктөрдө, ошондой эле чымдак-карбонаттуу (Улуу көлдөр аймагында, Мексика бою ойдуңунда ж. б. жерлерде), аллювий (Миссисипи дарыясынын өрөөнүндө) жана шалбаа-саз топурактары кеңири таралган. Тоолуу аймактарга токойдун коңур жана күрөң топурактары мүнөздүү. Аляскада тундра, чымдак-чымкөң, тоң-тайга, Гавайи аралында ферралит топурактары үстөмдүк кылат. Европалыктар келгенге чейин өлкөнүн аймагынын У2 бөлүгүнө жакынын токой ээлеген; анда чыгыш бөлүгүн бүт, Кордильеранын капталдарын дээрлик токой каптаган. Улуу түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн талаа өсүмдүктөрү ээлеген. 20-кылымдын 70-жылдарында токойдун У2 бөлүгү кыйылып, талаа айдоого айланган. Өсүмдүктөр мурдагы табигый абалында тоолуу аймактарда гана сакталган. Өлкөнүн түндүк-чыгышында жана Улуу көлдөргө жакын шалбаа жана айдоо жерлерге чектеш ийне-жазы жалбырактуу (кызыл карагай, карагай, көк карагай, акчечек, жөкөдарак ж. б.) токой кездешет. Алар түштүктө, Аппалачи тоолорунун төмөнкү алкактарында (800 м бийиктикке чейин) жазы жалбырактуу токой (эмен, акчечек, сумах, мандалак дарагы, чынар) менен алмашат. Борб. түздүктөрдө өскүлөң өсүмдүктүү прерия үстөмдүк кылган, азыр ал дээрлик сакталган эмес. 100° батыш узундуктан батышты карай прерия жапыз өскөн кылкандуу өсүмдүктүү кургакчыл талаага өтүп, айрым жерлери айдалат, калган бөлүгү жайыт катары пайдаланылат. Чоң бассейндин чөлдөрүнө жана жарым чөлдөрүнө шыбак, алабата ж. б. бадалча, бадалдар, 38° Түндүк кендиктен түштүктү карай чоң кактустар ж. б. суккуленттер мүнөздүү. Кордильера тоолорунда ийне жалбырактуу токой үстөмдүк кылат; негизги бөлүгүнүн өтө кургакчыл капталдарына кызыл карагайлуу токой, нымдуураак кыр бөлүгүнө жакын карагай-көк карагайлуу токой, 2100-3300 мден жогору субальп жана альп шалбаасы мүнөздүү; айрым жерлеринде талаа ландшафты да кездешет. Тынч океандын жээгинде псевдотсуга, ситхин карагайы, туя токою, Калифорнияда секвоянын 2 түрү (анын ичинде зор мамонт дарагы) таралган. Кургакчыл түштүк-батышында токой катуу жалбырактуу бадалдар жана дарактар менен алмашат. Аляскада Түндүк тайга тибиндеги ийне жалбырактуу сейрек токой жана тундра өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Корукка алынган аймактар улуттук парктарды жана парк-монументтерди, штаттар парктарын, жапайы фауна заказниктерин, рекреациялык аймактарды (40тан ашык) камтыйт. Эң ири улуттук парктары: Йеллоустон, Йосемит, Секвойя, Ганрд-Каньон, Эверглейдс, Мамонт жана Карлсбад үңкүрлөрү ж. б.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын саны боюнча АКШ дүйнөдө 4-орунда (Кытай, Индия, Россиядан кийин). Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 28 киши. АКШ көп улуттуу өлкө, алардын көпчүлүгү өзүнүн тилин, салтын сактап калган. Калкынын көбүн ак расалар (84%) түзөт, ошондой эле африка-америкалыктар (12%) ж. б. улут өкүлдөрү (8%) да жашайт. Жергиликтүү. калкы - индейлердин (1%) көбү жок кылынган, калгандары резервацияда жашайт. Негрлер, индейлер, мексикалыктар, пуэрторикалыктар расалык дискриминациядан көп жапа чегишет. Ошондой эле испан, кытай, орус, поляк, корей, вьетнам, япон, грек, араб, хинди, урду, армян, навах тилдеринде да сүйлөшөт. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 73, аялдарыныкы - 79 жаш. Христиан (протестант - 53%, католик - 26%, башка христиандар - 8%), ислам (2%), иудаизм (2%) диндерин тутат. Шаар калкы 76,2%. Атлантика океанын, Түш. Калифорнияны жана Улуу көлдөрдү жээктей шаарлар дээрлик туташ тилкени - мегалополистерди түзөт. Ири шаарлары: Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Чикаго, Филадельфия, Детройт, Сан-Франциско, Вашингтон ж. б.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Азыркы АКШ аймагын индейлер жана эскимостор (Аляскада) мекендеген. 15-кылымда (1492) Х. Колумбдун экспедициясы Американы ачкан соң Түндүк Америкага европалыктар (Испания, Англия, Франция, Голландия, Швециядан) көчүп бара баштаган. 1587-ж. азыркы Виргиния аймагында 1-англ. колония пайда болгон. 18-кылымда орустар Алясканы өздөштүрө баштаган, 18-кылымдын аягында Калифорнияга испандар, 19-кылымдын башында орустар отурукташкан. Колониялаштыруунун жүрүшүндө жергиликтүү элдерди сүрүп чыгарып, аларды кыра баштаган. Англиянын үстөмдүгүнө каршы жана Түндүк Американын көз каранды эместиги үчүн согушка (1775-83) көтөрүлгөн 13 Түндүк америкалык колония 1775-ж. күрөштө жеңишке жетишкен. 1776-ж. 4-июлда Көз каранды эместиктин Декларациясы кабыл алынган жана Америка Кошмо Штаттары түзүлгөндүгү жарыяланган. Англия 1783-ж. Версалъ тынчтык келишими боюнча АКШнын көзкаранды эместигин тааныды. Колониялардагы 1775-83-жылдардагы көз каранды эместик үчүн согуш Америка континентиндеги 1-буржуазиялык революция катары саналган. АКШнын 1-президенти болуп, көз каранды эместик үчүн согушта америкалык аскерлердин башкы командачысы болгон Ж. Вашингтон болду. Көз каранды эместик үчүн согуштан кийин АКШнын социалдык-экономикалык өнүгүшү негизги эки багыт боюнча жүрдү: Түндүк-батыш жакта өнөр-жай төңкөрүшү болсо, түштүк штаттарда плантациялык кулчулуктун реакциячыл системасы өкүм сүргөн. АКШ 1812-14-жылдардагы Англия-Америка согушунда жеңип чыгып, көз каранды эместигин чыңдады. 1787-ж. АКШда конституция кабыл алынып, 1789-жылдан күчүнө кирген. 1803-ж. АКШ Франциядан Луизиана колониясын, 1819-ж. Испаниядан Флориданы сатып алган. АКШнын экономикалык жактан жогорулашы менен коңшу аймактарды күч менен кошуп алуу башталып, 1836-ж. Мексикадан Техасты, 1846-48-ж. Америка-Мексика согушунан кийин Мексиканын жарымына жакын аймагын, 1846-ж. Улуу Британиядан Тынч океан дын жээктерин (Орегон) кошуп алган, 1867-ж. Россиядан Аляска жана ага жакын Алеут аралын сатып алуу менен аяктаган. 30-жылдардын башынан АКШда кулчулукту жоюу үчүн жалпы улуттук кыймыл пайда болуп, ага негрлердин көтөрүлүштөрү кошулду. Бул Граждандык согушка (1861-65) алып келди. Согуштун жүрүшүндө жана андан кийинки Түштүктөгү буржуазиялык-демократиялык кайра куруулардын натыйжасында кулчулук маселеси демократиялык жол менен чечилди, экономикалык тез прогресс үчүн жана айыл-чарбасында фермердик өнүгүү жолунун (америкалык. жолдун) биротоло жеңиши үчүн шарттар түзүлдү. Бүткүл бийлик буржуазиянын колуна өттү. 19-кылымдын акыркы чейрегинде АКШда монополисттик капитализмдин калыптануу процесси жүрүп, өлкө кубаттуу индустриялык державага айланды да, өнөр-жай продукциясынын көлөмү боюнча дүйнөдө 1-орунга чыкты. Өндүрүштүн концентрацияланышы менен кошо финансы олигархиясы түзүлүп, ал республикалык (1854-ж. түзүлгөн) жана демократиялык (1828) партиялардын системасы аркылуу өлкөнү бийлеп турду. АКШ 1880-90-ж. Гавайи аралын басып алды, 1898-ж. Испанияга согуш жарыялап, Филиппинди, Гуам, Пуэрто-Рико аралын каратты, Кубага протекторат орнотту. 1899-ж. Кытайга карата «ачык эшик» доктринасы жарыяланды. 20-кылымдын башында АКШ Латын Америка өлкөлөрүнө каршы бир нече жолу интервенция жасады. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, АКШ 2,5 жыл бою бейтараптыкты сактап, аны америкалык монополиялардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. 1917-ж. 6-апрелде АКШ Антанта тарапта согушка кирди. Согуш жылдарында АКШнын монополиялары ички жана тышкы позициясын чыңдап алды. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ менен Улуу Британия, Франция, Япония ортосундагы карама-каршылыктардын күчөгөнү 1919-20-ж. Париждеги тынчтык конференциясында (Версаль келишимин иштеп чыгууда) жана 1921-22-ж. Вашингтон конференциясында көрүндү. 1924-ж. башталган экономикалык стабилдешүүнүн кыска мезгили 1929-33-ж. дүйнөлүк экономикалык кризистен үзгүлтүккө учурап, өнөр-жайдын кескин кыскарышына жана жапырт жумушсуздукка алып келди (1932-ж. жумушсуздардын саны 17 млнго жеткен). Ошол учурда бийликке келген Американын 32-президенти Ф. Рузвелът (1933-45) «жаңы курс» деп аталган бир катар реформаларды жүргүздү. Ал реформалар өлкөнү кризистен чыгарууда зор роль ойногон. Рузвельттин өкмөтү 1933-ж. ноябрда СССР менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Фашисттик Германия СССРге кол салганда, Рузвельт СССРге жардам көрсөтүүгө АКШнын даяр экендигин билдирген. 1941-ж. 7-декабрда Япония АКШнын Тынч океандагы жерлери менен базаларына кол салгандан кийин АКШ Японияга, анан Германияга жана анын Европадагы союздаштарына каршы согуш ачкан. Согуштун жүрүшүндө СССР, АКШ жана Улуу Британия башында турган антигитлердик коалиция түзүлүп, Европада 2-фронт ачуу жөнүндө 1942-ж. июлдагы союздаштардын макулдашуусу 1944-ж. ишке ашырылган. 1942-ж. АКШ менен Улуу Британиянын аскерлери Түндүк Африкага, 1943-ж. Италияга кирип барган. Фашисттик Германия кыйраган соң, АКШ 1945-ж. Потсдам конференциясына катышты. 1945-ж. августта АКШ Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына зарылчылыгы болбосо да атом бомбаларын таштаган. 1945-ж. 2-сентябрда Япония багынып берген, ал эми анын аймагы америкалык аскерлер тарабынан оккупациялаган. Согуштан кийин дүйнөдө АКШнын экономикалык, согуштук, саясий позициясы күчөдү. Президент Г. Трумендин өкмөтү (1945-52) СССРге каршы «кансыз согуш» саясатын жүргүзүп, согуш базаларынын тармактарын кеңейткен. 1947-ж. кабыл алынган Маршалл планы боюнча АКШ өкмөтү согуштан кийинки Батыш Европа Өлкөлөрүнүн экономикасын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө зор каражат бөлүү менен өзүнүн Европадан негизги союздаштарын чыңдоого түрткү берген. 1949-ж. 4-апрелде АКШнын демилгеси менен НАТО (Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму) блогу түзүлгөн. 1960-ж. президент Ж. Кеннединин администрациясы техникалык прогресс, илим-билимди өнүктүрүү жана жакырчылык менен күрөшүү үчүн атайын программаларды ишке ашыра баштаган, артта калган өлкөлөрдүн экономика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында эмгектенүүгө даяр ыктыярдуулардын уюму - «Тынчтык корпусу» уюштурулган. Ж. Кеннединин тушунда Кубанын аймагына советтик ракеталарды жайгаштырууга байланыштуу келип чыккан Куба кризиси дүйнөнү термоядролук коркунучка алып келген. Бирок Ж. Кеннеди менен Н. С. Хрущевдун өз ара сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кризис дипломатиялык жол менен чечилген. 1963-ж. Кеннединин администрациясы абада, суу астында жана космосто ядролук сыноолорго тыюу салуу жөнүндөгү Москва келишимине кол койгон. 1963-ж. 22ноябрда Ж. Кеннеди кезектеги шайлоо алдындагы компаниясын жүргүзүү учурунда Даллас (Техас штаты) шаарында өлтүрүлгөн. Анын ордуна вице-президент Л. Жонсон келген жана 1964-ж. шайлоодо ишенимдүү жеңип чыккан. Кеннединин курсун улантуу менен Жонсон «Улуу коом» программасын жарыялаган. 60-жылдардын экинчи жарымында жумушсуздукту жоюу, кары-картаңдарга жардам берүү, мектеп, жогорку окуу жайларын, дарылоо борборлорун көбөйтүү боюнча программалардын негизинде бир топ социалдык-экономикалык иш-чаралар жүзөгө ашкан. 1965-ж. африка-америкалыктардын шайлоого катышуу тууралуу мыйзам кабыл алынганына карабастан, расалык дискриминация болуп турган. 1964-ж. АКШ Вьетнамга аскерлерин киргизгендигине карабастан, АКШнын вьетнам элине каршы агрессиясы жеңилүүгө учураган. Президент Р. Никсондун (1969–74) администрациясы 1973-ж. согушту токтотуу тууралуу Париж макулдашуусуна кол койгон. 1972-ж. шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкендигине карабастан, « Уотергейт» чатагына байланыштуу Никсон мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө мажбур болгон. Анын ордун вице-президент Ж. Форд (1974–77) ээлеген. 1976-ж. президенттик шайлоодо демократиялык партиянын өкүлү Ж. Картер (1977–81) жеңишке жетишкен. Ал Панама каналын 2000-ж. Панамага кайтарып берүү жөнүндөгү макулдашууга кол койгон. 1979-ж. Ирандагы революция жана Тегерандагы америкалык дипломаттарды барымтага алуу жана аларды бошотуу боюнча операциянын ийгиликсиз аякташы Картердин администрациясынын кадыр-баркын төмөндөткөн. 1980-ж. кезектеги президенттик шайлоодо белгилүү киноактёр, мурдагы Калифорния штатынын губернатору Р. Рейган жеңишке жетишкен. Рейгандын (1981–89) администрациясы экономикада жана социал. чөйрөдө мамлекеттин ролун чектөө саясатын жүргүзгөн. Рейгандын социал.-экономикалык программасы «рейганомика» деген ат менен белгилүү болгон. Рейган СССРди «кесептүү империя» деп атоо менен ага жарыша куралданууну таңуулоо аркылуу экономикалык жактан алсыратууну көздөгөн. 1980-90-ж. аралыгында Америка менен СССРдин ортосунда ядролук куралдардын санын кыскартуу, куралданууну токтотуу, сооданы өнүктүрүү жөнүндөгү бир катар келишимдер түзүлгөн. 1986-ж. Рейкьявикте өткөн АКШ менен СССРдин жетекчилеринин ортосундагы жолугушуу советтик-америкалык мамилелерди жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп калган. 1988-ж. президент болуп Жорж Герберт Уокер. Буш (1989–93) шайланган. 90-жылдардын башында Буштун администрациясы «дүйнөлүк жаңы тартипти» орнотуу саясатын жарыялаган. 1990-ж. АКШ Кувейтке кол салган Иракка каршы батыш өлкөлөрүнүн коалициясын уюштурган. Перс булуңундагы согуш аяктаган соң АКШда терең экономикалык кризис башталган. 1992-ж. шайлоодо демократиялык партиянын өкүлү У. Ж. Клинтон (1993–2001) бийликке келген. Клинтон ички саясатында согуштук чыгымдарды кыскарткан жана социалдык программалар кеңейтилген, 20 млнго жакын жаңы жумушчу орундары түзүлгөн. Инфляция дээрлик эки эсеге кыскарган. 1998-ж. куралдуу күчтөр үчүн бөлүнгөн каражаттар федералдык бюджеттин 16%ин гана түзүп, социалдык программаларга жумшалчу каражаттар ага караганда үч эсеге көбөйгөн. Тышкы саясатта Клинтондун администрациясы АКШнын «дүйнөдөгү лидерлик» ролун сактап турууга аракеттенген. 90-жылдарда АКШнын куралдуу күчтөрү Югославиядагы конфликти жөнгө салууга катышкан. 2000-ж. шайлоодо АКШнын 43-президенти болуп Ж. У. Буш (Ж. Г. У. Буштун уулу) шайланган (2001–09). 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Эл аралык соода борборунун жана Вашингтондогу Пентагондун имараттарынын террорчулар тарабынан жардырылышы 4 миң кишинин өлүмүнө алып келди. Буштун администрациясы «Ал-Каеда» террордук уюмун жана анын башчысы Усама бен Ладенди, ошондой эле аны колдоп жаткан Афганстандагы талибдердин режимин күнөөлөп, антитеррордук коалицияны түзүүнү баштаган. АКШнын бен Ладенди кармап берүү талабынан баш тарткандыгы үчүн Афганстанда, 2003-ж. АКШ Иракта Саддам Хусейндин режимине каршы согуштук операциясын ишке ашырды. 2009-жылдагы кезектеги шайлоодо Американын президенти болуп (Американын тарыхында биринчи жолу) афро-америкалык Б. Обама шайланган. Ал биринчи иретте АКШнын экономикасын стимулдаштыруу, кризистерге каршы күрөшүү планын колдоп, саламаттыкты сактоо реформасына кол койду (2010).Ошол эле учурда АКШнын тышкы саясатында Россия, Иран, Кытай сыяктуу дүйнөнүн ири державалары менен мамилеси сууй баштады. АКШ биринчилерден болуп (1991-ж. 21-декабрь) Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин тааныган. 1992-ж. 1-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ачылган.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШ - экономикасы өнүккөн индустриялык-агрардык өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДП) өнөр-жайынын үлүшү 19% ти, транспорт, байланыш жана коммуналык чарба 9%ти, айыл жана токой чарбалары, балыкчылык 2,0% ти түзөт. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 26 980 доллардан (АКШ) туура келет. 1992-ж. Канада жана Мексика менен эркин соода жүргүзүү боюнча Түндүк Америка келишимине кол коюлгандан кийин дүйнөдөгү эң ири соода блогу түзүлгөн. Өнөр-жайынын башкы тармактары: машина куруу, химиялык, нефтини кайра иштетүү, тамак-аш - татымал, жеңил өнөр-жай ишканалары, айрыкча авиация жана ракета-космостук техникалык, электрондук жабдуулар (анын ичинде. компьютерлер жана микросхемалар), приборлор, жаңы конструкциялык материалдар, өнөр-жай тармактары жакшы өнүккөн. Өлкөнүн негизги өнөр-жайлуу аймагы, башкача айтканда «Өнөр-жайлуу алкак» - Түндүк Атлантика жээги менен Миссисипи дарыясынын аралыгы, анда АКШнын иштеп чыгаруучу өнөржайынын 1/2нен ашыгы, анын ичинде машина куруу жана металлургиянын 3/4нө жакыны, тамак-аш жана химиялык өнөр-жайынын 1/2нен ашыгы топтолгон. «Өнөр-жайлуу алкактан» тышкары өнөр-жай ишканаларынын чордондору, ошондой эле Тынч океан жээктеринде (авиаракета-космостук, радиоэлектроника, нефть иштетүү, тамак-аш, жыгач иштетүү), Техас, Луизиана, Флорида штаттарында (нефть ажыратуу, химиялык, авиаракета-космостук), ТүштүкЧыгыш АКШда (Флоридасыз; текстиль, химиялык, электр-металлургия, жыгач иштетүү өнөр-жайлары) жайгашкан. Негизги өнөр-жай борборлору: Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анжелес, Филадельфия, Детройт, Кливленд, Хьюстон, Бостон, Сент-Луис, Милуоки, Даллас-Форт-Уэрт, Сан-Франциско. Казып алуу өнөр-жайында алдыңкы орунду Техас, Калифорния, Луизиана (нефть, табигый газ), Кентукки, Батыш Виргиния, Пенсильвания (таш-көмүр), Миннесота (темир рудалары), Аризона, Юта, Монтана, Айдахо, Колорадо, Миссури (түстүү металлдар) штаттары ээлейт. 1991-ж. 8,8 млн автомобиль чыгарылып, 88,3 млн т болот, 22 млн т пластмасса жана синтетикалык чайыр өндүрүлгөн; түстүү металлдардан 1631 миң т жез, 4394 миң т алюминий, 518 миң т цинк, 466 миң т коргошун эритилип, 368 млн т нефть, 903 млн т көмүр, 529 млрд м3 табигый газ казылып алынган. Өлкөнүн минералдык сырьёго жана отунга болгон муктаждыктарынын кыйла бөлүгүн импорт менен толуктайт. 1994-ж. 3268 млрд кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 71,1% жылуулук электр станцияларына, 8,6% ГЭСке, 20,3% АЭСке туура келет. АКШнын - дүйнөдөгү эң ири айыл-чарба продуктыларын иштеп чыгаруучу өлкө (калкынын 2% гана иштейт). Жогорку деңгээлде механикалаштырылган айыл-чарбасында негизги продукцияны индустриялык типтеги ири жекеменчик фермалары берет. Айыл-чарба структурасынын (Алясканы кошпогондо) 30%ин иштетилүүчү жер, 28%ин токой, 42% чейин жайыт ж. б. түзөт. Айыл- чарбага жарактуу жери 18,7 млн га. Айыл-чарбанын товардык продукциясынын 47%ке жакынын дыйканчылык, 57%тен ашыгын мал чарбасы түзөт. АКШ жүгөрү, буудай, пахта, тамеки, эт, сүт даярдоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тоют өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш (анын ичинде цитрустар да бар), жашылча өстүрүлөт. Буудай бардык жеринде өстүрүлөт, бирок негизги аймагы - «буудайлуу алкак» (Канаданын чегинен баштап Улуу түздүктөр аркылуу Техас штатынын борб. бөлүгүнө чейин камтыйт), жүгөрү - «жүгөрүлүү алкакта» (Айова, Иллинойс, Индиана штаттарында жана аларга чектеш жерлерде) өстүрүлөт. Пахтачылык жана тамекичилик өлкөнүн түндүгүндө жана түштүк-чыгышында өнүккөн. 1992-ж. 60 млн т буудай, 190 млн т жүгөрү, 59 млн т соя буурчагы, 3,9 млн т пахта жыйналган. Сүт багытындагы мал чарбасы негизинен өлкөнүн түндүк-чыгышында, эт багытындагысы батышында жана түштүгүндө, кой чарбасы тоолуу штаттарда, үйкушу чарбасы түштүк-чыгышта өнүккөн. 1995-ж. 102,8 млн бодомал, 59,9 млн чочко, 8,9 млн кой, 6 млрд дан ашык үй кушу болгон (анын ичинде бройлерлер да бар). 1991-ж. 4,3 млн т балык кармалган. Темир жолунун узундугу 225 миң км, автомобиль жолунуку 6,3 млн км (шаар жолдору кошо). Ички суу жолу өнүккөн, айрыкча Миссисипи, Огайо дарыясы, Улуу көлдөр, Жээк каналдары кеңири пайдаланылат. Деңиз соода флотунун тоннажы 23,3 млн брутто рег.-т (1992). Негизги деңиз порттору: Нью-Йорк, Жаңы Орлеан, Хьюстон, Филадельфия, Балтимор, Бостон, Ньюпорт-Ньюс, Норфолк, Сан-Франциско, Лос-Анжелес, Сиэтл; көлдөрдөгү негизги порттор: Чикаго, Дулут, Буффало, Кливленд, Детройт, Толидо. Труба транспорту өнүккөн (жалпы узундугу 300 миң кмдей). Туризм өнүккөн (жылына чет өлкөдөн 43 млндон ашык турист келет). Туристерди кызыктырган негизги объектилери: Вашингтондо: АКШнын конгрессинин имараты - Капитолий, өлкөнүн президентинин расмий резиденциясы - Агүй, Ж.Вашингтондун эстелиги, АКШнын улуттук музейи, Улуттук Искусство галереясы, Учуу жана космонавтика улуттук музейи ж. б.; НьюЙоркто: АКШнын символу - Эркиндик статуясы, Ыйык Патрик собору (19-кылым), Метрополитен музейи, Нью-Йорк калк китепканасы (20-кылымдын башы), Линкольн искусство борбору, Азыркы искусство музейи, С. Гуггенхейм музейи, Бродвей жана Таймссквер аянты (шаардын негизги театрлары менен) ж. б. Табигый кооз жерлери: Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон улуттук паркы, Калифорниядагы Моно көлү, Ниагара шаркыратмасы, Улуу көлдөр. Калифорния жана Флорида шаарындагы Диснейленд эсалуу парктары, ошондой эле Флориданын пляжы дүйнөгө белгилүү. Экспортко өнөр-жай жабдуулары, самолет, автомобиль, электрондук жабдуулар, аскер техникасы, химикаттар, таш-көмүр, жүгөрү, соя буурчагы ж. б. чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: Канада, Япония, Мексика, Батыш Европа өлкөлөрү.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШда билим берүү мамлекеттик жана менчик болуп бөлүнөт. Ар бир штат өзүнүн билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына ээ. АКШда билим берүү 6 жаштан башталып, 12 жылга созулат да, үч баскычтан турат (жөнөкөй мектеп - 6 жыл, кенже орто мектеп - 3 жыл, жогорку орто мектеп - 3 жыл). Мектепти бүткөндөр орто билим жөнүндөгү диплом алып жогорку окуу жайларга тапшырат. Кесиптик-техникалык билим берүү «Коммунити Коллежес» базасында жүзөгө ашат. Жогорку билим алуу көпчүлүк учурда 4 жылга (бакалавриат) созулат. Билимин улантуучулар магистратурада (12-ж.) окуйт. Белгилүү окуу жайлары: Гарвард (1636-ж. негизделген), Пенсильвания (1740), Пристон (1746), Йель, Нью-Хейвен, Колумбия (1868), Иллинойс (1867), Калифорния, Корнелл, Чикаго университеттери, Масачуссетс техникалык институту ж. б. Ири китепканалары: Вашингтондогу Конгресс китепканасы, унниверситеттер китепканалары, НьюЙорктогу улуттук китепканасы (1845), Чикаго (1872), Бостон (1852), Лос-Анжелес (1872), Кливленддеги коомдук китепканалар ж. б. Дүйнөлүк мааниси бар музейлери: Улуттук, космонавтика жана абада учуу (1946), улуттук искусство галереясы, улуттук көркөм искусство коллекциясы (1846), Вашингтондогу улуттук портрет галереясы (1962), Нью-Йорктогу жаңы типтеги искусство, Нью-Йорктогу метрополитен, Бостондогу көркөм искусство, Чикагодогу табигый-тарыхый, Виргиния штатындагы деңиз ж. б. музейлер. АКШда басма сөз, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү жеке менчикте. Биринчи гезит «Паблик Окьюренсис: Боуз Форинг энд Доместик» 1690-ж. жарык көргөн. Бүгүнкү күндө АКШда гезиттер жалаң гана кагаз бетине түшпөстөн, электрондук булактар аркылуу (интернет) окурмандарга берилет. Эң көп нускалуу гезиттерге - «Юсей Тудей», «НьюЙорк Таймс», «Лос-Анжелес Таймс», «Вашингтон Пост» ж. б., эң тираждуу журналдарга «Молерн Мэтьюнити», «Ридерс Дижест», «Ти-Ви Гьюоул», «Нэйшнл Джеогрэфи» ж. б. кирет. Компьютердик версияга ээ болгон журналдарга «Тайм» жана «Слайте» (компьютердик магнат Билл Гейтс негиздеген) кирет. Ошондой эле маалымат бюллетендери чыгып турат. Радиоуктуруулар АКШда 1920-жылдан башталган. Азыр АКШда коомдук 430 жана коммерциялык 1000-10000 радиостанция иш алып барат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин телекөрсөтүү башталып, 335 коомдук көз каранды эмес телестанциялар («Эн-Би-Си», «Си-Би-Эс», «Эй-Би-Си», «Фокс», «Ви-Би», «Ю-Пи-Эн» ж. б.) иштейт. Өлкө биринчилерден болуп интерактивдүү (көрүүчү каалаган программаны каалаган убакта көрө алган) телекөрсөтүүнү жүзөгө ашырган. Ири маалымат агентчиликтери: «Ассошиэйтед пресс» (1848) жана «Юнайтед пресс интернэшонал» (1958). АКШда европалыктар отурукташканга чейин индей урууларынын оозеки жана жазма поэзиясы (миф менен жомоктор, эмгек, аскер ырлары) гана болгон. Алгачкы адабий чыгармалары пуритандык диний-моралдык мүнөздө болгон (17-кылым). Американын улуттук адабияты көз каранды эместик үчүн согуштун алдында (1775-83) түптөлө баштаган. Анын калыптанышы демократтар жана агартуучулар - Б. Франклин, Т. Жефферсондун жана революционер-демократ Т. Пейндин ысмы менен байланыштуу. Көз каранды эместик үчүн күрөш идеялары Ф. Френо, Ж. Барлоу ж. б. поэзиясында чагылдырылган. 18-кылымдын аягында негр-акындар өзүлөрүнүн эмгектерин («Негрлердин кулчулугу», 1789; «Отелло, эркин негр») жарата баштайт. Романтизмдин алгачкы доору 1810-30-жылдарга туура келет (В. Ирвинг, У. К. Брайант, Ж. Ф. Купер). АКШда көз каранды эместиги үчүн согуштан кийин алар өзүлөрүнүн буржуазиялык мамилелерге каршы экендигин жана америкалык революциянын идеялары менен турмуш тажрыйбасынын айкалышпаганын көрсөтүшкөн. Кальвинисттик догмалардан эркин романтиктер пуритан үрп-адаттарын, коомдук начар түзүлүштөрдү сүрөттөшкөн. 20-кылымдагы романтизм тарыхы өзүнүн башынан 2 этапты өткөргөн:баштапкы этапта (1810-30) сатиралык жанрдагы жана тарыхый романдар жазылып, 2-этапта (1840-50) адабият чеберлери философиялык. жана социалдык иликтөөлөргө, практикалык моралга, патриархалдык жашоого ж. б. көңүл бурган. Бул мезгилде адабияттын өнүгүшүнө Г. Мелвилл («Моби Дик, кубулган Ак кит»,1851), Н. Хоторка, Э. А. По, АКШнын аболиционисттик адабияттына Торо, Лонгфелло, прозаик Р. Хилдрет, акындар Ж. Р. Лоуэлл, Ж. Г. Уитьер, Ф. Дуглас ж. б. зор салым кошкон. Өлкөдө демократиялык көз караштын граждандык согуш алдында жана согуш учурунда көтөрүлүшү реалисттик тенденциянын адабиятта өнүгүшүнө (Бичер-Стоу, С. О. Жуитт, Ф. Брет, Гарт ж. б. эмгектери) өбөлгө түзгөн. Бул багыттын 19-кылымдагы туу чокусу болуп Марк Твендин («Простаков чет өлкөдө», 1869; «Бейтааныштын сырдуулугу»; «Гельберри Финдин окуялары», 1885) чыгармачыгы эсептелет. 19-кылымдан 20-кылымга өтмө катмарды О. Генринин, Э. Уортондун жана У. Кэсердин чыгармалары түзгөн. Негр адабиятында көрүнүктүү ийгиликке П. Л. Данбара (1876-1906) ж. б. инсандар жетишкен. 20-кылымда америкада реализм сыны жаралат. Бул агымдын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ж. Лондон («Темир согончок», «Мартин Иден» ж. б.), Т. Драйзер («Америка трагедиясы»), Э. Синклер («Жунгли») ж. б. Поэзияда Р. Фрейст, К. Сэндберг, Э. Л. Мастерс ж. б. реалисттик мектеп искусство чеберлери көрүнө баштайт. Ошол учурда АКШнын ири драматургу Ю. О’Нилдин (1868-1953) чыгармачылыгы өркүндөй баштайт. Модерндик мектептер пайда болот. Акындар Э. Поунд, Т. С. Элиот жана прозаик Г. Слейн Америка менен коштошуу мазмунунда жазышкан. Согуштун сабактары Э. Хемингуэйдин, Ж. Дос Пассоса, Ф. С. Фицжеральд ж. б-лардын чыгармаларында чагылдырылган. Азыркы учурда коомдук карама-каршылыктар поэзияда каралып, фантастикалык, интеллектуалдык жанрдагы романдар жазылууда.

Архитектурасы[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШнын архитектурасы өзүнүн стили жана үрп-адаты боюнча өтө татаал маданият. АКШда алгачкы европалыктар келгенге чейин, америкалык жергиликтүү архитехтуралык салттар өзүнүн образы (пуэбло, хоган, вигвам жана узун вигвам) боюнча калыптанган. Колония болгондон тартып шаарлар курулуп, коомдук имараттар, чиркөөлөр тургузулган. Имараттардын көбүнүн өлчөмү жана түзүлүшү жөнөкөй болгон. Француз архитекторлору жана инженерлеринин долбоору боюнча курулган Жаңы Орлеан шаары гана өзгөчөлөнүп турган. Турак-жайлардын көбү континенттин чыгыш жээгинде курулган. Иммигранттар менен жергиликтүү элдин үрп-адаттарынын айкалышы түрдүү архитехтуралык стилдердин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Жаңы борбор - Вашингтон ш. 1-жолу алдын-ала пландаштыруу (Пьер Шарль Ланфон) боюнча курула баштаган. Капитолий менен агүй гана байыркы рим үлгүсү боюнча курулган. 19-кылымда АКШда урбанизация процесси ургаалдуу жүргөн: шаар кварталдары, турак-жайлар дүркүрөп өсө баштаган. Коомдо романтизм «духунун» үстөмдүгүнүн негизинде кайра жаралган симметриялуу формага жана колоннадага ээ болгон грек, ошондой эле учтуу асимметриялык формадагы жалбырак орнаменттүү готика стилиндеги (Ыйык Патрик собору) архитехтуралардын айкалышуусу жаңы курулуш стилдеринин жаралышына өбөлгө түзгөн. АКШнын түштүк-батыш бөлүгүндө испандык курулуш стили үстөмдүк кылса, калган бөлүгүндө англчандык «коттедж» жана италиялык. «вилла» ж. б. архитехтуралык курулмалар белгилүү болгон. Род-Айленд штатында белгилүү жана өтө кооз сепилдер архитектор Р. Морристин ысмы менен байланыштуу. АКШ архитехтурасында чоюн, болот жана темир-бетон материалдарын кеңири пайдаланып, дүйнөдө алдыга чыккан. Ага мисал, Нью-Йорк штатындагы Бруклин көпүрөсү (архитекторлору - Ж. жана В. Роблингдер). 19-кылымдын 80-ж-нан тартып АКШнын архитекторлору жана инженер-куруучулары Чикаго менен Нью-Йоркто жаңы конструкциядагы «асман тиреген» (небоскрёб) үйлөрдүн курулуштарын баштаган. Алар АКШнын дүйнөлүк архитехтурага кошкон салымы болуп, турак-жай райондорун кескин өзгөрткөн. Алгачкы бийик имарат (небоскрёб - архитектору Луис Генри Салливан) 1884-ж. Чикаго штатында курулган. АКШда 2-дүйнөлүк согуш алдында (1920-30) европалык иммигрант-архитекторлордун таасири астында жергиликтүү үрп-адаттарды четке каккан бир кылка стандарттуу үйлөр курула баштаган. 1960-ж. АКШда постмодерн доору башталып (Майкл Грэйвс жана Фрэнк Генри) жаңы материалдарды жана технологияларды колдонуп, имараттарга кооз формаларды жана жасалгаларды берген. Имараттар канчалык бийиктеген сайын өң палитрасы, орнаменттүүлүгү жана кооздугу байкала баштаган. Бүгүнкү күндө архитехтуралык долбоорлордо эски менен жаңы ыкмалар айкалышкан элементтер колдонулууда.

Сүрөт искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШда сүрөт өнөрү индейлердин таштарга тартылган сүрөттөрүнөн башталат. Ал өнүгүү жолунда портреттик живописти (колония мезгили), практицизмди (17-18-к.), буржуазиялык рационализмге кош көңүлдүүлүктү (19-к.), реалисттик жана айкын эмес жанрды, ошондой эле модернизм, футуризм жана дадаизм стилдерин өткөргөн. Баштапкы мезгилде АКШда портреттик жана диний живопись иштери күч алса, 18-кылымдын ортосунан Ж. Хесселиус, Ж. Смайберт, Р. Фин колонисттер менен индейлердин образдарын тарта баштайт. 19-кылымда У. Олстондун, Т. Коулдун, Ж. Ф. Кенсеттин «Гудзон дарыясынын мектептери» деген темада пейзаждар тартылат. 20-кда АКШда европалык живопись искусствосунун чеберлеринин жана жергиликтүү каада-салттарды эске алган ири живописчи - реалисттер (У. Хомер, Т. Эйкинс, Ж. Инесс ж. б.) пайда болот. Бүгүнкү күндө турмуштун көрүнүшүн чагылдырган «гиперреализм» («фотореализм») агымы күч алууда. АКШнын живопись искусствосуна зор салым кошкон сүрөтчүлөр: Ж. Беллоуз, Р. Генри, Ж. Пеннелл, Ж. Марин, И. Танги, Ж. Полок, У. Зораж ж. б.

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШнын музыкасында Түндүк Америкада жашаган индейлердин музыкалык фольклорунун, ошондой эле Европадан келген иммигранттардын аркыл музыкалык маданиятынын таасири, негрлердин музыкалык фольклорунун салттары бар. Чыгыш Европалык иммигранттардын көбөйүшүнөн (19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында) славян элдеринин фольклорунун таасири күчөй баштаган. АКШнын профессионалдык музыкасы 18-кылымдын башынан өнүгө баштайт. Америкалык алгачкы композиторлордон - Ф. Гопкинсон, У. Биллингс, Ж. Лайон ж. б. белгилөөгө болот. Кийинчерээк С. Форстер 200дөн ашуун лирикалык ырлары мн элге таанымал болгон. 1883-ж. Нью-Йоркто «Метрополитен-опера» театры ачылат; анын сахнасында италян, немис, француз ж. б. артистер чыккан. Америкалык композиторлор 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында европада, көбүнчө немецтик консерваторияларда окуган. АКШнын композиторлорунун ичинен айрым симф. жана инструменттик чыгармалардын автору - Э. МакДоуэлл өзгөчөлөнүп турган. 20-кылымдын биринчи он жылдыгында Р. Гаррис, А. Копленд, Ж. Антейл, У. Пистон, Э. Сигмейстер ж. б. композиторлор көрүнө баштады. Джаз музыкасынын, ыр-бий фольклорунун стилдик ыкмалары «Порги жана Бесс» деген улуттук операнын автору Ж. Гершвиндин чыгармаларында өөрчүтүлдү. 1910-жылдан баштап музыканын өнүгүүсүнө джаз стили таасирин тийгизген; ал Ж. Карпентер, Л. Грюнберг ж. б. чыгармаларында байкалат. Джаз музыканттарынын ичинен Э. (Дюк) Эллингтон, Б. Гудмен, Л. Армстронг ж. б. белгилүү болгон. 1932-ж. Нью-Йоркто уюшулган «Композиторлор коллективи» АКШнын ошол мезгилдеги жаңы багыттагы музыка маданиятынын калыптануусунда зор роль ойногон. Композиторлор коллективине кирген музыканттар айрым опера, оратория, хор, массалык ырларды (Э. Робсон жумушчу өздүк көркөм чыгармачыгы үчүн «Америкалыктар үчүн баллада», «Джо Хилл жөнүндөгү ырлар» ж. б. чыгармаларды) жазган. Музыкант-аткаруучуларга - дирижёрлор: Л. Стоковский, Л. Бернстайн, Ю. Орманди, скрипкачылар: А. Спалдинг, И. Менухин, И. Стерн; ырчылар: Л. Тиббет, П. Робсон, Р. Хейс, Ж. Фаррар, М. Андерсон ж. б.; Бостон, Нью-Йорк, Филадельфия ж. б. шаарлар симфониялык оркестрлери менен белгилүү болгон. 1960-70-ж. АКШнын музыка дүйнөсүндө электрондук студиялар ачылып, «мультимедия» иштери жүргүзүлгөн. Жаз музыкасы 1960-ж. АКШда негрлердин ошол учурдагы искусствонун көзкаранды эместиги үчүн кыймылы менен (Сан Ра, А. Айлер, Ч. Мингес, А. Шепп ж. б.) байланыштуу. Поп музыка,ритм-энд-блюз (М. Уотерс, Т. Б. Уокер, Р. Чарлз ж. б.), рок-н-ролл (1950-ж-дын 2-жарымында Э. Пресли, Б. Хейли ж. б.), соул пайда болгон. Учурда АКШда кантри-рок-синтез, диско, рэп, «техно», электрондук сэмпл музыка багыттары өөрчүүдө. АКШнын азыркы белгилүү ырчыларына: М. Жексон, Мадонна, У. Хьюстон, М. Кери, Ж. Лопес, Б. Спирс ж. б. кирет.

=Театр[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШдагы алгачкы профессионал театр труппасы (англ. Л. Хэллам башкарган) 1751-ж. НьюЙоркто уюшулган. Америкалыктардын көз каранды эместик согушуна чейин (1775-83-ж.) Түндүк Американын театр өнөрү англичандардын таасиринде болгон. 1785-ж. Нью-Йоркто 1-америкалык профессионал театры ачылган. 18-кылымдагы алгачкы америкалык драматургдар: У. Данлап, М. 0. Уоррен, Р. Тайлер, Р. Бёрд, Д. Стоун. 19кылымдын башында АКШнын көп шаарларында туруктуу театр труппалары уюшулат. Бул мезгилдеги белгилүү актерлор - Э. Форрест, А. Олдриж, Ж. Жефферсон, Э. Бут. 1896-ж. Нью-Йоркто «Театр синдикаты» уюшулган. Бул Бродвейдеги коммерциялык театрлардын башы болгон. 20-кылымдын башында жаралган майда театрлар элдин калың катмарын театр өнөрүнө кызыктыруу жагынан прогрессивдүү роль ойногон. Алар ышкыбоздор театры катары пайда болсо да, кийин көбү профессионалдык театрга айланган. 1927-ж. Ж. Лоусон түзгөн «Жаңы драматургдардын театры» АКШнын нускалуу театр өнөрүнүн калыптанышына түрткү берген. Филадельфияда Ж. Риддин труппасы көзгө көрүнө баштайт. 1932-ж. жумушчулар театрынын лигасы түзүлөт. 1929-33-ж. кризис учурунда театрдын саны кыскарат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин маккартизм саясаты искусствонун өсүшүнө тоскоол кылат. 1944-ж. Е. М. Гальенн жана реж. М. Уэбстер Нью-Йоркто «америкалык репертуар театрын» негиздешет. 1955-ж. Нью-Йорктун жанында туңгуч Шекспир театры пайда болот. 60-жылдары ышкыбоздордун чала профессионал жана профессионалдык театрларынын мааниси артат, алар «Бродвей искусствосуна» карама-каршы чыгып, коммерциялык эмес, эстетикалык максатты көздөйт. Бул театрлар «жылдыздар» системасын да четке кагат. Ачык идеялык багыты жоктугунан, ал театрлар журтчулукка зор таасир тийгизе албай, көңүл чөктү драматургияга кайрылат. Ошол эле убакта «Бродвей театрларына» алдыңкы тенденциялар кире баштайт. «Менин асылзаада Ледим», «Вестсай окуясы» сыяктуу спектаклдер «мьюзкл» жанрында коюлат. 1957-ж. Нью-Йоркто «Искусствонун линкольндук борбору» ачылат. 60жылдардын башында Бродвей театрлары менен андан тышкары турган театрлар коммерциялык негизде жакындашып, жеңил-желпи мүнөздөгү репертуарды көбөйткөндөрү үчүн жаштардын протестин пайда кылат. Эксперименттик, авангарддык спектаклдер пайда болот, «Бродвейден сырткары театрлар» деген жаңы агым жаралат. 1947-жылдан баштап Нью-Йоркто «Актёрдук» студия иштейт. 1960-ж-дын 2-жарымынан негр театрлары күч ала баштайт «Нью Лафайет», «Негр ансамбли» ж. б. Бүгүнкү күндө АКШ театрларын үч категорияга бөлүүгө болот: Бродвей жана провинция театрлары, ошондой эле театр исквосунун өнүгүү программалары.

Кино искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

АКШда кинофильмдер адегенде 1896-ж. Нью-Йоркто, анан Голливудда чыгарыла баштаган. Кино 1910-20-ж. эле жекече көркөм каражаттары бар өз алдынча искусствого айланып калган. Режиссер Д. У. Гриффиг тарыхый жана психололгиялык. драма менен эпопея жанрын жаратса, Т. X. Инс «вестерн» жанрын негиздеп, М. Сеннетт «үнсүз кино» мезгилиндеги комедия жанрын түзгөн. 20-жылдары кино өндүрүшү борборлошуп, бир нече ири кино-компаниянын менчигине айланып, Голливуд системасы пайда болду, ал 30-ж. андан ары өнүктү. Кино өнөр жайынын финансы капиталы менен биригиши, киного каражаттын көп бөлүнүшү, америка киносунун дүйнөлүк рынокто алдыга чыгышы жана көп пайда түшүрүшү кинону америкада өнөр жайдын башкы тармагына айландырды. Голливуд кино өндүрүшү «вестерн», салондук комедия, гангстердик фильмдер, тарыхый боевик жана жалган романтикалык драма жанрында өнүктү, буларда Р. Валентино, М. Пикфорд, Д. Фербинкс, кийинчерээк - Г. Гарбо, Н. Ширер, К. Гейбл, Г. Купер, X. Богарт ж. б. актёрлор тартылышкан. АКШнын турмушун сын реализм позициясынан чагылдырган фильмдерди айрым гана реалист режиссёрлор (Ч. Чаплин, Э. Штрогейм, К. Видор, Ж. Форд, Ф. Капра, У. Уайлер, У. Уэллс ж. б.) жаратты. Режиссер У. Дисней мультипликация фильмине негиз салган. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939–45) мезгилинде америкалык кино ишмерлер Гитлерге каршы коалициянын күрөшүнө салым кошкон. Кинодокументалисттер (Ж. Форд, У. Уайлер, Ф. Капра, П. Стерджес) айрыкча ийгиликке жетишти. Согушган кийин, асыресе 50жылдарда АКШда демократчыл багыттагы кино ишмерлер куугунтук жеди, ошондой эле телекөрсөтүү пайда болду. Натыйжада америкалык кинонун көркөмдүк деңгээли төмөндөп, кино өнөр жайында кризис башталды. 50-жылдардын орто ченинде голливуддук система кыйрап, бир катар ири кинокомпаниялар телекөрсөтүүгө өтүп, башкалары экран үчүн чыгарган фильмдердин санын кескин азайтты. АКШда банктардан же кинопрокат компаниялардан карыз алып, өз алдынча фильм тарткан режиссёрлордун, актёрлор менен продюссерлердин жаңы мууну пайда болду. Ал режиссёрлор – С. Крамер, А. Пейн, С. Кабрик, С. Люмет ж. б. 60-жылдары, 70-жылдардын башында америкалык коомду сындаган реалисттик фильмдер тартылып, америка киносуна жаңы багыт берди. 60–70-ж. реалисттик кино искусствонун принциптерин туткан М. Николс, П. Богданович, Ф. Перри, Ф. Коппола, Р. Рафельсон, С. Поллак өңдүү режиссёрлор иштей баштады. Белгилүү киноактёрлор: Б. Ланкастер, М. Брандо, П. Ньюмен, Р. Стейгер, Г. Пек, Д. Фонда. Учурда АКШнын кино ишмерлерин Америкалык киноинституту (Беверли-Хилс) жана Калифорния университети (Беркли) даярдайт. Кинонун тарыхы жана теориясы боюнча Америкалык киноархиви (Вашингтон шаары) жана жаңы искусство музейи (Нью-Йорк) иштерди жүргүзөт. Сан-Франциско шаарында жыл сайын эл аралык кинофестиваль өтөт; Америкалык кино искусствосу жана илимий академиясы (1927-ж. Голливудда негизделген) жыл сайын «Оскар» сыйлыгын эң мыкты америкалык жана чет элдик кинофильмдерге ар түрдүү номинацияда (мыкты актёр ж. б.) ыйгарып турат. Бүгүнкү күндө белгилүү кино актёрлор – Аль-Пачино, Р. Гир, А. Шварценеггер, С. Сталлоне, Э. Мерфи, Ш. Коннори, Ж. Робертс, С. Сигал, Д. Лунгрен, Ч. Норрис, Л. ди-Каприо ж. б.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]