Мазмунга өтүү

Америка Кошмо Штаттарынын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусу

Википедия — ачык энциклопедия
Бул макала болуп жаткан окуя жөнүндөгү маалыматты камтыйт.
Жаңы билдирүүлөр түшкөн сайын, бул макаладагы маалыматтар өзгөрүлүп турушу ыктымал. Алгачкы кабарлардан түшкөн маалыматтар жалган болушу мүмкүн.
Америка Кошмо Штаттарынын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусу
Негизги кагылыш: Жакынкы Чыгыштагы согуш, Иран-Израиль кагылышы
Дата

2025-жыл 22-июнь

Орун

 Иран: Фордо, Нетенз, Исфахан

Себеп

Ирандын өзөктүк куралын чыгарууга жол бербөө

Каршы тараптар
 АКШ  Иран
Колбашчылар
 АКШ Дональд Трамп Иран Али Хаменеи
Тарап күчтөрү
белгисиз белгисиз
Жоготуулар
белгисиз белгисиз
Трамп жана вице-президент Вэнс 21-июндагы Иранга болгон соккулар учурунда кырдаал бөлмөсүндө
Трамп билдирүү жасоодо
GBU-57

2025-жылдын 22-июнунда АКШнын аба жана деңиз күчтөрү Ирандагы бир нече өзөктүк объекттилерге каршы «Жарым түн балкасы» («англ. Midnight Hammer») аталышындагы аскердик операция жүргүздү. Чабуулга кабылган объекттердин катарында Фордо шаарындагы уран байытуучу завод, Нетенздеги өзөктүк объект жана Исфахандагы өзөктүк технологиялар жана изилдөө борбору болгон. Бул объекттер Ирандын уран байытуучу эң маанилүү борборлорунун катарына кирет[1][2]. Операциянын алкагында жер алдындагы объекттерге каршы колдонулуучу 14 даана GBU-57 бомбасы Northrop B-2 Spirit стелс-бомбардировщиктери аркылуу ташталган. Ошондой эле 30 даана «Томагавк» ракеталары суу алдында жүрүүчү кемелерден атылган[3][4][5][6][1]. Бул операция Израиль 13-июнда Иранга каршы баштаган аскердик кампаниянын жана Ирандын жооп иретиндеги соккуларынын шартында жүзөгө ашырылды[7].

Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин улук илимий кызматкери Рэй Такей АКШ менен Израилдин чабуулдарын «потенциалдуу кооптуу жаңы этап» деп мүнөздөп, Иран кандайдыр бир жол менен «улуттук абийирди калыбына келтирүүгө аргасыз болот» деген пикирди билдирди. Анын айтымында, бул Иран тараптан АКШнын аскердик объекттерине түз соккуларды же ортомчу күчтөр аркылуу чабуулдарды камтышы мүмкүн[2].

Карнеги фондунун эл аралык тынчтык боюнча улук илимий кызматкери Карим Саджадпур бул окуяны «АКШ менен Ирандын 46 жылдан берки күрөшүнүн жаңы бөлүмү башталды» деп баалап, бул чабуул Иран үчүн «саясий жанкечтинин жарылышына тете жооптордон» башка жол калтырбай жатканын белгиледи. Ал муну Иран эли үчүн «травмалык жана кордоочу окуя» катары сыпаттап, Тегеран кандай жооп берери азырынча белгисиз экенин кошумчалады[8].

The New York Times басылмасынын маалыматына ылайык, АКШ Ирандагы бир нече өзөктүк объектке сокку уруу чечимин Израилдин чабуулдары өзөктүк программаны олуттуу токтото албайт деген баалоонун негизинде кабыл алган. Америкалык баалоолорго караганда, Израилдин аракеттери Ирандын өзөктүк программасын болгону алты айга артка жылдырмак, ошондуктан АКШ кошумча соккулар менен андан чоң зыян келтирүүнү максат кылган[2].

Ирандын реакциясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ошондой эле караңыз: Израилдин Иранга соккусу (2025)

АКШнын Иранга жасаган соккулары мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн кепилдөөчү эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын одоно бузулушу болуп саналат, деп билдирди Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани. Анын сөздөрүн келтирет. Коопсуздук кеңешинин төрагасына жана БУУнун башкы катчысына кайрылуусунда Ирандын өкүлү Иравани АКШнын аракеттери эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирерин белгилеп, Тегеран бул окуяны кароо үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын дароо чакырууну талап кылууда. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи дагы өз кезегинде Вашингтондун аракеттерин айыптап, аны эл аралык нормаларды бузду деп күнөөлөдү жана Иран өзүнүн эгемендүүлүгүн, кызыкчылыктарын, жарандарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө укуктуу экенин билдирди[9].

NBC News карабчысы Мэтт Брэдли белгилегендей, Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы жана АКШ президенти Дональд Трамптын Израилге көрсөткөн колдоосу израилдик коомчулук арасында өтө жогорку колдоого ээ. Ошондой эле ал Иран жана анын ортомчу күчтөрү олуттуу жоготууларга учурап жана алсыраганын белгиледи. Ошол эле учурда Брэдли Израилдеги айрым саясатчылар сөз кылган Иран режимин алмаштыруу маселеси абдан татаал процесс болушу мүмкүн экенин эскерткен. Ал мындан тышкары, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы объекттерине кооптуулук жогорулаганын да белгиледи[10].

Эл аралык реакция

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кытай АКШны Ирандын ядердик объектилерине сокку урганы үчүн айыптады. Бул тууралуу 22-июнда Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин билдирди. Мао Ниндин айтымында, Кытай АКШнын Иранга жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) көзөмөлүндө турган ядердик объектилерине кол салуусун чечкиндүү түрдө жектейт. Ал соккулар БУУнун максаттарына жана принциптерине, ошондой эле эл аралык укукка каршы келерин баса белгиледи. Ошондой эле, Пекин чыр-чатактын катышуучуларын, өзгөчө Израилди тез арада ок атышууну токтотууга чакырды. Мындан тышкары, Кытай эл аралык коомчулук менен Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн кызматташууга даяр экенин ырастады[11][12].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]