Амстердам

Wikipedia дан

Амстердам (Amsterdam, алгач Amstellebamme «Амстел дарысындагы плотина») – Нидерланд Королдугунун борбор шаары. Өлкөнүн маанилүү маданий очогу жана экономикалык борбору. Калкы 745 миң (2005; шаар айланасы менен 1,1 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Амстел дарыянын чатында, Эйсселмер булуңунун жээгинде жайгашкан. Түндүк деңизи менен кеме жүрүүчү эки канал аркылуу байланышат. Деңиз порту (жылына 25 млн тонна жүк ташылат). Рейн дарыясы менен дагы канал аркылуу туташат. Ири жолдор тоому. Темир жолдор түйүнү. Схипхол эл аралык аэропорту (Европадагы эң ири) бар. Метрополитен иштейт. Шаар алгач 1275-жылдан эскерилет. 15-кылымда ири соода борбору болгон. 16-кылымдын аягында 17-кылымдын башында биржа жана ошол кездеги ири европалык банктар уюшулуп, дүйнөлүк маанидеги соода жана кредит борборуна айланган. 16–17-кылымда Португалия жана Германиядан (еврейлер) жана Франциядан (гугеноттор) иммигранттар келишкен. 1795-жылдан Батав Республикасынын, кийинчерээк Нидерланд Королдугунун борбору болгон. Амстредам – Европадагы туризмдин ири борборлорунун бири. Шаардын жаңы бөлүгүндө Дам аянтында Корол сарайы (1648–55), соңку готика стилиндеги Ньивекерк чиркөөсү (1490-ж. чен), Улуттук монумент (1954–56) жайгашкан. Эски бөлүгүндө 50гө жакын канал, 500дөн ашык көпүрө (1610–62) бар. Орто кылымдагы Синт-Антонспорт шаар дарбаза курулушу (1488; 1987-ж. чейин еврейлер музейи), 15–17-кылымдардагы мунаралар, готика стилиндеги Эски (13-кылым.) жана Жаңы (15–16-кылым), Түндүк жана Чыгыш чиркөөлөрү (экөө тең 17-кылым) сакталган. Шаарда Илимдер академиясы, 2 университет, консерватория (1884), театралдык институт, ири китепканалар, музейлер (анын ичинде Ван Гогдун музейи), Рембранттын үй-музейи, филармония бар. Амстердам – байыркы музыкалардын кайрадан жаралуу борборлорунун бири. Голландия музыкасы (1947, жайында), эл аралык даректүү жана балдар киносу жана башка фестивалдары өткөрүлөт. Машина куруу (авиация, кеме куруу, электр техника, электроника), хим. (полимер, пластмасса, жасалма каучук, жер семирткич, фармацевтика жана башка), нефть ажыратуу, полиграфия, тамак-аш – татымал (какао, кофе, кокос майы жана башка) өнөр жайы бар. 1928-ж. IX Олимпиада оюндары өткөрүлгөн. Салт болуп калган ювелир өндүрүшү, алмазды кырдоо кеңири өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]