Анализ кинетикалык методдору

Википедия дан

Анализ кинетикалык методдору, хим. реакциянын ылдамдыгынын, реакцияга кирүучү заттар концентрациясына болгон көз карандылыгын пайдаланууга негизделген. Аныкталуучу же реакциялануучу заттар бири же катализатор болушу мүмкүн. Ылдамдыгы ченелүүчү реакцияны индикатордук реакция, ал эми концентрациясы өзгөрүшү б-ча реакциянын ылдамдыгы аныкталуучу затты индикатордук зат деп атайт. А + В = х + у теңдемеси аркылуу туюнтулган индикатордук реакциянын ылдамдыгы менен реагенттер концентрациясы ортосундагы байланыш dx/d t = кАВ теңдемеси менен туюнтулат. Мында к - реакция ылдамдыгынын константасы: х, жана в -тиешелүү индикатордук зат жана А менен В реагенттер концентрациясы. Концентрацияны кинетикалык теңдеме же градуировкалык график б-ча аныктайт. Градуировкалык графикти индикатордук реакциянын ылдамдыгынын аныкталуучу зат концентрациясына түз көз карандыныгы б-ча түзөт. Индикатордук реакциянын ылдамдыгын аныктоо үчүн индикатордук зат концентрациясын титриметриялык, фотометриялык, электрохим., газоволюметриялык ж. б. методдор менен аныктайт. Индикатордук реакция катары көбүнчө окистенүү – калыбына келүү, изотоп алмашуу, ферменттик реакциялар колдонулат. А. к. м. өтө аз сандыгы (10-5 - 10-6 мкг/мл) элементтер аныктоо үчүн гана колдонбостон, хим. бирикмелер түзүлүшүн изилдөө үчүн да колдонууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]