Анализ (математика тармагы)

Википедия дан

Анализ (б.-грек. ἀνάλυσις – ажыратуу, мүчөлөргө бөлүштүрүү) – үйрөнүлүүчү предметти (кубулушту, процессти же алардын арасындагы байланыштарды) ага мүнөздүү болгон негизги элементтерге (касиеттерге, белгилерге, катнаштарга) ойдон же реалдуу түрдө ажыратуу процедурасы. Адамдын жекече өнүгүшүндө анализ адегенде анын конкреттүү практикалык ишинде аткарылат (мисалы, предметтин формасын адегенде бала ал предметти ар кандай абалда кармалап көрүү менен гана анын касиетин ажыратат). Андан кийин бул операцияны көрүүнүн жардамы менен аткарат. Мунун артыкчылыгы – кабыл алуунун тез болушунда гана эмес, мында бир мезгилде предметтин башка да көп касиетин кошо камтый тургандыгында. Туюнуп-билүү методу катарында анализ көрсөтмөлүү аракеттүүлүктөн көрсөтмөлүү элестөөчүлүккө жана андан акыры сөз формасындагы логикага өсүп-өнүгөт. Окуучунун анализдик ойлоосу предметтерди жана кубулуштарды башталгыч класстарда адегенде жөнөкөй анализдөөдөн башталып, жогорку класстарда улам кеңири, терең жана толук анализдөөгө чейин өсүп өнүгөт. Анализге тескери процедура синтез болуп эсептелет. Адамдын туюнуп-билүү ишинде бул эки процедура дайыма бири-бирине айкалыша аткарылат. Энгельс айткандай анализсиз синтез болбойт. Ошондуктан, маселени түшүнүү үчүн кошо аткаруу зарыл. Китеп окууда текст айрым фразаларга, сөздөргө, тамгаларга бөлүнүп ажыратылат, ошол эле убакта алар бири-бири менен ажырагыс болуп байланыштырылат: тамгалар сөзгө, сөздөр сүйлөмгө, сүйлөмдөр тексттин тигил же бул темасына бириктирилет. Ар кандай окуя жөнүндө оозеки айтууда окуя ойдон айрым эпизоддорго ажыратылат, ошону менен бирге алардын бири-бирине байланыштуулугу белгиленип көрсөтүлөт. Ошентип, үйрөнүлүүчү кубулуш жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн ал окуяны анализдөө процедурасы сөзсүз аны синтездөө процедурасы менен бирдиктүү байланышта орундалышы зарыл. Практикада анализ дайыма абстракциялоого, ал эми синтез жалпылоого байланыштуу ишке ашат. Мисалы, теореманы туура анализдөө ошол теоремадагы фигуранын кандайдыр конкреттүү бир абалына карата айтылуу менен гана аякталбайт, ал анализ фигуранын мүмкүн болгон бардык башка абалдарын сөзсүз өзүнө камтыйт. Окуучулардын ойлоосун калыптандырууда анализдин мааниси эң зор, алардын математикалык же орфографиялык каталарынын негизги себеби тиешелүү эрежелерди билбегендигинен эмес, эрежелерди алар көп учурда жакшы эле билишет, ошол эрежелерди маселе чыгарууда, сөздөрдү жазууда пайдалана билбегендигинде. Ал эми мындай эрежелерди пайдалануу аналитикалык жана синтездик бир катар татаал ойлонуп эмгектенүү процесстерине негизделет. Жаңы материалды анализдей билүү окуу ишинин эң негизги элементи болуп эсептелет. Окуунун натыйжасында өздөштүрүлгөн илимий анализдин жолдору адамдын табылгасына айланат да, ал абстракциялоо, синтездөө жана жалпылоолор менен бирге чындык дүйнөнү туюнуп-билүүнүн эң негизги ишенимдүү куралын түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97