Мазмунга өтүү

Анау (Түркмөнстан)

Википедия — ачык энциклопедия
Анау
Änew şäheri
Шаар
Анауга жакын жайгашкан Сейит Жамалиддин мечитинин урандылары
Анауга жакын жайгашкан Сейит Жамалиддин мечитинин урандылары
Өлкө Түркмөнстан
ВилаятАхал вилаяты
ЭтрапАк-Бугдай этрабы
Population (2022 расмий каттоо)
  Total28,653
Анаудагы мечит. К. Мишиндин эмгеги, 1902-жыл; Ашхабаддагы көркөм сүрөт музейи

Анау Түркмөнстандагы шаар. Ал 2022-жылдын 20-декабрына чейин Ахал вилаятынын борбору болгон.[1] Аймакта биздин заманга чейинки 5500-жылдардан бери адамдар жашап келет. Анаудагы тарыхка чейинки конуштар 1904-жылы Рафаэль Пумпелли жана Уильям Моррис Дэвис тарабынан жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган. 2022-жылы анын калкынын саны 28 653 адамды түзгөн.[2]

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анау — перс тилинен которгондо "жаңы суу" дегенди билдирет.[3]

Анау Копетдаг тоо кыркасынын этегинде жайгашкан.[4] Ал Ашхабад шаарынан 8 kilometers (5,0 mi) түштүктө орун алган.[3]

Бул аймакты энеолит доорундагы Анау маданияты мекендеген.[5] Анаунун түндүк бөлүгүндө биздин заманга чейинки 5500-жылдары адамдар отурукташа баштаган. Бул конуш биздин заманга чейинки 3000-жылдарга чейин уланып, андан кийин түштүккө көчкөн. Түштүктөгү бул жер биздин заманга чейинки 3000-жылдан 1000-жылга чейин мекенделген.[6]

Анауга 2008-жылдын 3-февралында шаар макамы берилген.[7] Шаар ТҮРКСОЙдун Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 39-отурумунда 2024-жылга карата "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланган.[8][9]

Археологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бүркүттүн, маймылдын жана кудайдын бөлүктөргө бөлүнгөн мөөрлөрү, Түркмөнстан же түндүк-чыгыш Иран, алгачкы коло доору, б.з.ч. 2200-1800-жж., коло - Бостон көркөм сүрөт музейи

1866-жылы орус генералы бул аймактагы дөбөлөрдү изилдеп, алардын ичинде кенч бар деп ишенген.[3] Рафаэль Пумпелли жана Уильям Моррис Дэвис 1904-жылы Анауда казуу иштерин жүргүзүшкөн.[10] Губерт Шмидт жана Вильгельм Дёрпфельд Пумпеллинин казуу иштерин көзөмөлдөшкөн.[11] Бул казуунун натыйжасында Анауда тарыхка чейинки конуш табылган.[12] Пумпелли 1908-жылы дагы бир казуу ишин жүргүзгөн.[6] 1993-жылы Фрэнк Т. Хиберт бул жерде казуу иштерин алып барган.[13]

Биздин заманга чейинки 4500-жылдан 1000-жылга чейинки аралыкта бул аймакта жыгач көмүрү көп болгон.[4] Байыркы Анауда табылган дан өсүмдүктөрүнүн калдыктарынын 85-90%ын арпа түзгөн.[14]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Cities of Turkmenistan Калып:Authority control